Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

ЭКС-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МИХАИЛ КАСЬЯНОВ ШАЙЛООДОН ЧЕТТЕТИЛДИ


Амирбек Усманов, Прага Орусиянын Борборшайлоoкому оппозициянын ана башы, мурдакы премьер- министр Михаил Касьяновду президенттикке талапкер деп каттоодон баш тартты. БШК өз чечимин Касьяновду жактоочулардын тизмесинде жараксыз жана шектүү колдор көп экени менен түшүндүрдү. Өлкөнүн башкы прокурорлугу жасалма кол тамгаларга байланыштуу кылмыш ишин ачты. Орусияда президенттик шайлоо 2- мартта өтөт.

БШКнын мүчөсү Эльвира Ермакованын билдиришинче, Михаил Касьяновдун талапкерлигин колдогон тизмедеги 80 261 адамдын колу жараксыз деп табылган. Мыйзам боюнча президенттикке талапкер кеминде 2 миллион адамдын колун чогултууга тийиш жана алардын максимум 5 проценти жараксыз болушу ыктымал.

Оппозиция Касьянов саясый жүйөөдөн улам президенттикке талапкер катары катталган жок деген ишенимде. Касьянов болсо президент Путинди шайлоонун адилет өтүүсүн камсыздай албады деп күнөөлөдү:

-Президент Путин конституциялык башкы милдетин аткарып, шайлоонун эркин жана калыс өтүүсүн камсыздайт деген миллиондогон орусиялык жарандардын үмүтү акталган жок,- деген Касьянов өз тарапкерлерин 2- марттагы президенттик шайлоого катышпоого чакырды:

-Мындай жагдайда өз жактоочуларымды, мен үчүн добуш бергени жаткан орусиялыктарды бул тамашага катышпоого үндөймүн.

2000- 2004- жылдары премьер- министр болгон Касьянов акыркы жылдары Путиндин элдешкис сынчыларынын бирине айланган. Соңку сурамжылоолорго караганда, ал шайлоодо 1 процентке жетпген добуш алмак.

Буга чейин оппозициянын өкүлү Гарри Каспаровдун тарапкерлерине жыйын өткөргөнгө имарат берилбей, экс- чемпион президенттикке талапкер катары көрсөтүлбөй калган.

Коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов да Кремлди шайлоо өнөктүктүн адилет өтүшүн камсыздабай жатат, мамлекеттик телеканалдар Медведевди үзбөй көрсөтүүдө деп сындап, адилетсиздикке каршы нааразылык акциялары өткөрүлөт деп эскертти:

- Биз ырасмий түрдө Медведевди дебатка чакырдык. Себеби, ачык эфирде проблемалар талкууламайын шайлоону ачык жана татыктуу өткөрүү мүмкүн эмес деп ойлойбуз. Анүчүн дебат өткөрүүнү талап кылабыз. Биз адамдардын адилет шайлоо укугун коргоо үчүн, бюллетендерди уурдоого, баалардын өсүшүнө жана муниципалдык бийликтердин зөөкүрдүгүнө каршы массалык демонстрацияларды өткөрөбүз.

Серепчилер президент Путин мураскер деп тандаган 1-вице-премьер Дмитрий Медведев келерки президент болорун жапырт айтышууда.

XS
SM
MD
LG