Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

КООМДУК ПАРЛАМЕНТ КАНДАЙ ТҮЗҮЛҮП ЖАТАТ?


“Акыйкат үчүн” кыймылына кирген бийликке каршы жана калыс күчтөр Жогорку Кеңешке атаандаш катары коомдук парламент түзүү жөнүндө демилге көтөрүп жатышканын мурда кабарлаганбыз. Бул иштин кандай ишке ашып жатканы жөнүндө сурап “Таза коом” партиясынын активистти Табылды Акеровду кепке тарттык.

- Коомдук парламентти түзүү иштери азыр кайсы баскычка жетип калды?

- Координациялык кеңешке ар бир партиядан жана “Акыйкат” кыймылына киребиз деген коомдук уюмдардан эки кишиден киребиз деп сүйлөшүлдү. Дагы бир чоң маселе - бул координациялык кеңеште коомдук парламенттин долбоору иштелип чыгыш керек. Бул уюмга жалаң оппозициялык партиялардан эле эмес, башка дагы коомдук ишмерлер, коомдук уюмдар кирип аткандан кийин прогрессивдүү күчтөрдү чогулта турган жобо керек болуп атат.

- Эми ошондо коомдук парламенттин жалпы курамы кандай боло турган болду?

- Жалпы курамы боюнча партияларга жана коомдук уюмдарга чек жок, канча киши болсо көрсөтө берет. Бирок ичинен иштей ала тургандары, мыйзам чыгарганды билген жана башка саясий абалды түшүнө билген адамдар иргелип алынат. 50-60 кишинин тегерегинде болушу мүмкүн.

- “Акыйкат үчүн” кыймылы Азимбек Бекназаров түзгөн революциялык комитетке жана анын талаптарына кандай кароодо. Мындай уюмдун түзүлүшү буга чейин сиздердин кыймылда талкууланса керек?

- Жок, бизге күтүүсүз болду. Балким, биздин “Акыйкат“ кыймылына көп ишенбей, мындан да башка жол менен чечиш керек деген позициядагы партиялар, адамдар, күчтөр түздү болуш керек аны. Эми алардын өз эрки. Бирок биз “Таза коом” партиясы нейтралдык партия болгондуктан, өтө радикалдуу чараларга барбайбыз деп чечилген. Ошондуктан бизде ал коомго кирүү жөнүндө эч кандай сөз жок. Биз “Акыйкат” кыймылына ал прогрессивдүү күчтөрдүн биримдиги деп аталгандыктан кирип жатабыз.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG