Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

БУШ КОНГРЕССТЕ КАЛККА АКЫРКЫ ИРЕТ КАЙРЫЛАТ


Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш бүгүн конгресстин кошмо жыйынында өлкөдөгү абал тууралуу жалпы калкка кайрылат. Бул анын соңку кайрылуусу болот. Быйыл ноябрда анын бийликтеги мөөнөтү бүтөт жана эмдиги жылы январда Ак үйдөн кетет.

Буштун кайрылуусун негизги телеканалдардын баары көрсөтөт. Президенттин кеңешчилери Буш бийликте турган жылдарда жасаган иштеринин эсеп-кысабын чыгарбай турганын, муну ал тарыхчылардын энчисине калтырууну эп көргөнүн эскертишти.

Буш өзү өткөн ишемби күнү адаттагы апталык радиокайрылуусунда ырастагандай, конгрессте бүгүн сүйлөй турган сөзүндө соңку жети жыл ичинде өлкөнүн ички турмушунда, эл аралык чөйрөдө маанилүү маселелерде чоң ийгиликтер болгону менен дагы жасай турган иштер көп экенин, ошондуктан бийлик мөөнөтү бүткүчө конгресс менен эриш-аркак иштерин белгилейт.

Буш өз кайрылуусунда негизинен ички саясатка, өзгөчө экономикага басым жасайт. “Мен билем, - деди Буш, - турак-жай жана финансы рыногундагы туруксуз абалдан улам экономиканын төмөндөп баратканы көп кишилерди бейпага салууда. Бирок ишенип койгула, акыркы айларда өндүрүштүн өнүмү басаңдай түшкөнү менен узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүнүн кору бекем, ошондуктан ыкчам аракеттенип, экономиканын өйдөлөшүнө дем бере алабыз, бул үчүн өндүрүштү кеңейтүү, жарандар үчүн жаңы жумушчу орундарын түзүү керек болот”.

Ушул максатта Буш конгресстин эки палатасын тең өткөн аптада макулдашылган иш чаралардын топтомун эмдиги айдын ортосуна чейин мыйзамдаштырууга чакырмакчы. Салык жеңилдиктери жөнүндө 2001-жылы кабыл алынган программага Буш туруктуу мүнөз берүү зарыл, экономикалык өсүшкө өбөлгө түзө турган башка да кадамдарды жасоо керек деп эсептейт.

Кайрылуунун тышкы саясатка арналган бөлүгүндө Буш “демократияны жайылтуу” зарылдыгына токтолорун ырастады. Эркиндикке мукурап турган аймактардын арасында ал “Ю-Эс-Эй тудей” гезитинде жарыяланган интервьюсунда Жакынкы Чыгышты, Ирак менен Иранды,Түндүк Корея,Судан жана Мьянма (Бирма) сыяктуу өлкөлөрдү атады. Ирак темасына токтолуп, Буш бул жерде соңку кезде жетишилген “ийгиликтерди”, ошондой эле “дагы кандай иштерди жасоо керектигине” кайрылат, мындан тышкары ачкачылыкка, жакырлыкка, башка да социалдык проблемаларга каршы күрөштө “жаңы идеяларды” сунуш кылат. Буш өзгөчө конгрессти СПИД илдети жайылган Африка, Азия жана Кариб деңизи алабындагы өлкөлөргө беш жыл ичинде 30 миллиард доллар каражат бөлүүгө чакырганы жатат. “Ачарчылыктан жана оорудан жабыркап жаткандарга жардам берүүгө тийишпиз”,- деп айтты Буш.

Буштун конгресстеги бүгүнкү сөзү иш жүзүндө анын коштошкон кайрылуусу болуп калат, андыктан ага демократиялык партия да камынып жатат. Алардын жооп катары даярдаган тосмо кайрылуусун конгрессте Канзас штатынын губернатору Кэтлин Сибелиус окуп бермекчи.

XS
SM
MD
LG