Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

ЕВРОПА БИРИМДИГИ СЕРБИЯЛЫК ШАЙЛООЧУЛАРДЫ ТАРБИЯЛАМАК БОЛДУ


Дүйшөмбү күнү Европа Биримдиги Сербияны уюмга кабыл алуу боюнча убактылуу келишимге кол койууга макул болду. Брюсселдик атка минерлердин айтышынча, биримдик мындай келишим аркылуу жекшемби күнү Сербияда болчу президенттик шайлоону “Европа жөнүндөгү референдумга” айлантууну көздөдү. 3- февралда болчу шайлоонун экинчи айлампасында Сербияны Евробримдикке кошууга дилгир азыркы президент Борис Тадич жана улутчул Томислав Николич таймашат.

Евробримдикке мүчө 27 өлкөнүн тышкы иштер министрлери “убактылуу саясый келишимге” эмес, Стабилдүүлүк жана ассоциация жөнүндөгү келишимге макулдук беришмек. Бирок, Белград адегенде согуш кылмышкери деп шектелген Ратко Младич менен Радован Каражичти Гаагадагы эларалык трибуналга кармап берсин деген Нидерландия ага жол бербеди. Каражич босниялык серб күчтөрүнүн 1995- жылы Сребреницада 8 миң мусулманды кыруусына жооптуу деп күнөөлөнүп жүрөт.

Сербияда 3- февралда болчу президенттик шайлоонун экинчи айлампасын “Европа жөнүндөгү референдумга айлантуу” үчүн “убактылуу келишим” сунуш кылынганын брюсселдик чиновниктер «Азаттыктын” кабарчысы Ахто Лобякаска айтышкан.

Евробримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Олли Рендин сөзүнчө, 3- февралда сербдер өлкөнүн болочокку саясый багытын тандашат:

-Бул күндөр Сербия үчүн өтө маанилүү. Сербиянын эли кечээки улутчулдукту же европалык болочогун тандашат. Биз бүгүн серб элине Европанын конкреттүү, реалдуу болочогу тууралуу ишенимдүү кабар жөнөттүк. Сербдер учурдан пайдаланып болочоктуу Европаны тандап алышат.

7-февралда кол коюлчу “Убактылуу саясый келишим” Сербиянын Евробиримдиктин аймагында “эркин соода кылуусуна, визаны жеңил алуусуна жана билим берүү тармагындагы алмашууларга” кеңири жол ачат, деп кошумчалады Олли Рен.

Биримдиктин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана сербиялык шайлоочуларды Борис Тадич үчүн добуш берүүгө түрткөн келишимди натуура деп, ага каршы чыкты:

-Мен антип ойлобоймун. Биз шайлоодон алдың жана шайлоо учурунда ушундай саясатты карманганбыз. Ошон үчүн көзкарашыбызды өзгөртпөшүбүз шарт. Шайлоо алдында жана бир жыл мурда да Сербиянын орду Европада дегенбиз.

Евробримдиктин чиновниктери улутчул Николич президент шайланса, Сербия Брюссель менен кызматташууга кол шилтеп койот деп кооптонушат.
Николич жана премьер- министр Коштуница экөө тең Косовонун Сербиядан бөлүнүн чыгышына каршы жана ЕБга мүчө өлкөлөр косоволуктардын эгемендигин таанышса, алар менен кызматташуу токтотулат деп эскертишкен.

XS
SM
MD
LG