Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

КАСЬЯНОВ: «БУЛ ПРЕЗИДЕНТТИ ШАЙЛОО ЭМЕС, БУЛ - КҮЛКҮ»


Орусиянын Борбордук шайлоо комитети жекшемби күнү 2-мартта өтө турган президенттик шайлоого катыша турган талапкерлерди жарыялады. Президенттик орунду талашууга «Бирдиктүү Орусия» партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Дмитрий Медведев, КПРФдан - Геннадий Зюганов, ЛДПРдан - Владимир Жириновский жана өз алдынча шайлоого катышып аткан Орусиянын демократиялык партиясынын лидери Андрей Богданов ат салышмак болушууда. Алтынчы күнү болсо ага дейре бешинчи талапкер болот деп келаткан мурдагы өкүмөт башчы Михаил Касьяновду тизмеге кошуудан БШК баш тарткан. Касьянов өзүнүн жарыштан алынып салынышынын артында саясий жагдай бар деп эсептеп, андай чечим үчүн Владимир Путинди жоопкерчиликтүү деген.

Орусияда бир айдан кийин өткөнү аткан президенттик шайлоодо ал орунду Владимир Путин мураскор атаган азыркы өкүмөттүн орун басары Дмитрий Медведев жеңип чыгары эч кимди күмөн санатпайт. Мындай ойдун чын экенин Левада борбору жүргүзгөн сурамжылоо да айтып турат. Ал жерде айтылганга караганда шайлоого катышкандар добушунун 80 пайызы анын пайдасына берилмекчи.

Анда Касьянов үчүн канча добуш берилмек экен деген суроо туулат. Ага да ошол эле Левада борбору: «бир же эки пайыздык добуш жыймак» деп жооп берет. Ошого карабай либерал Касьяновдун ысмын «түстүү» ынкылап менен теңеп, андан Кремль бийлигинин корко тургандыгын, маселен, “Вести.ру” жазганга караганда, Геннадий Зюганов айткан:

«Касьяновдо эч кандай мүмкүндүк жок, Украинадагыдай, кызгылттар тентектиги менен бизде эч ким эч нерсе жеңе албайт», - деген Зюганов.

Шайлоого даярдык көрүүдө талапкерлерге мамлекеттик сыналгы, үналгыдан убакыт бөлүү Кремль бийлиги тараптан чечилгендиктен, ат салышып аткандар жеңилип берүүгө “макул» экенине карабай, аларды кысуу уланып аткандыктан, коммунисттер лидери, куду Касьянов айткандай «бул шайлоо эмес эле тамаша болду», - деп баалаган.

Анализчилер чөйрөсү Касьяновду орусиялык оппозициядагы либералдык-батыштык көз караштагы бирден бир саясатчы дешет. Орусиядагы башкарылма демократиянын саясий системасын ал «куду СССРдегидей, анын азыр ичтен да сырттан да эч кимге моюн бербей турган чагы», - деген.

БШК чечими жарыялангандан кийин Михаил Касьянов бийлик өнтөлөгөн талапкер үчүн добуш бербегиле деп өзүнүн жаатташтарына кайрылган::

«Кийинки төрт жыл арасында өлкөдө болуп аткандардын баарысы, албетте, Орусиянын узак мөөнөттүк кызыкчылыгына дал келбейт, Орусиянын узак мөөнөттүк кызыкчылыгына ал кайра зыян».

Дүйшөмбү күнү Орусиянын федералдык каттоого алуу кызматы Касьянов жаңы түзүп аткан «Эл демократия жана адилетчилик үчүн» партияын каттоого алуудан баш тарткан, себеби азырынча тактала элек.

XS
SM
MD
LG