Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

ЕВРОСОЮЗ СЕРБИЯНЫ КАНТИП ЭПКЕ КЕЛТИРЕТ?


Косово өз алдынчалык жарыялайт деп турганда Европа Биримдиги бул жарыянын Батыш Балканга келтирчү кесепетин чектөөнүн жолун издөөдө. Биримдиктин тышкы иштер министрлери бүгүн Брюсселде Косовонун өз алдынча кетишине караманча каршы турган Сербияны ыкка келтирүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап жатышат. Бирок биримдиктин өзүндө бул жаатта биримдик жок болуп жатат.

Брюсселдеги бүгүнкү жыйындын алдында Евробиримдиктин тышкы иштерин тейлеген Хавиер Солана биримдик Сербияны колдой тургандыгын ачык-айрым билдириши керектигин эскертти:

– Сербия Европанын министрлер кеңешинен абдан конструктивдүү жооп алаарын, биз Сербия Евробиримдик менен тыгыз алакада болушун каалай тургандыгыбызды көрсөтөбүз деп көптөн көп ишенем, жана бул жаатта колдон келген аракетимди көрөм.

Ушул айдын башында Евробиримдиктин учурдагы президенти Словения бүгүнкү жыйында Сербия менен Стабилдештирүү жана Биргелешүү келишимине кол коюлат деген үмүтүн билдирген. Бул келишим Батыш Балкан өлкөлөрүнүн Евробиримдигине мүчө болуп киришине жол ачуучу кадам болуп саналат. Словения ошондой эле Сербияга мүчөлүккө талапкер макамын тез арада ыйгарууга чакырган.

Бирок Евробиримдиктин Сербия менен тез арада элдешүү үмүтү таш кабууда. Себеби Голландия Сербия менен аталган келишимге кол коюуга каршы чыгууда. Бул өлкө алды менен Сербиядан Радко Младич жана Радован Каражич өңдөнгөн согуш кылмышкерлерин Гаагадагы эл аралык трибуналга кармап берүүнү талап кылууда.

Анын үстүнө, Евробиримдик менен жакын алака түзүү чакырыгы Сербияда кандай кабыл алынаарын айтуу кыйын. Өлкөдө келерки аптага белгиленген президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Косовонун Сербиядан бөлүнүшүнө кастарын тиккен эки талапкер ат салышат. Президенттен кыйла көп мандатка ээ болгон өкмөт башчысы Войслав Коштуница да Косовонун бөлүнүшүнө каршы.

Евробиримдиктин өкүлдөрү бүгүнкү жыйында кур дегенде Стабилдештирүү жана Биргелешүү келишимине кол коюнун мөөнөтү аныкталат деп үмүттөнүп жатышат. Биримдиктин кеңейүү комиссары Оли Рен бүгүн эртең менен кабарчыларга бул келишимге мүмкүн болушунча тез арада кол коюлушун, бирок Каражич менен Младичтин камакка алынышы бул келишимдин шарты болушу керектигин мындайча билдирди:

– Бүгүн биз Стабилдештирүү жана Биргелешүү келишимине кол кою тууралуу чечим кабыл алып, Сервияга Европанын келечеги тууралуу абдан олуттуу ишарат кылышыбыз керек.

Белграддын көңүлүн жайгоо аракетинде, Евробиримдик серб жарандарына визасыз жүрүү шартын сунуш кылууда.

Өткөн аптада Брюсселде болушунда Косовонун өкмөт башчысы Хашим Тачи Приштина көз карандысыздыкты бир нече күндүн ичинде жарыялай тургандыгын бышыктаган. Европалык дипломаттар бул жарыя Сербиядагы президенттик шайлоодон кийин жасалат деп болжошууда. Кошмо Штаттары жана Евробиримдиктин көпчүлүк мүчөлөрү Косовонун көз карандысызыдыгын тааный тургандыгынын ишаратын кылышкан. Бирок Орусия Косовонун эл аралык таанылуусуна каршы Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинде вето укугун пайдаланууга нийеттенүүдө.

Ошого карабастан, Евробиримдик Косового мүчөлүккө алып келүүчү тыгыз алакаларды сунуш эте берээри күтүлүүдө. Бир гана жери мындай алакаларга биримдиктин Кипр сыяктуу мүчөлөрү каршы болуп жатышат.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG