Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

“ХИЗБ-УТ-ТАХРИР” КҮЧӨП БАРАТАБЫ?


Өкмөт башчы Игорь Чудинов диний экстремизмди тизгиндөө максатында бир канча өлкөлөр менен катар Кыргызстанда да тыюу салынган “Хизб-ут-тахрир” партиясынын ишмердүүлүгүнө жол бербөө туурасындагы буйрукка кол койду. Адистердин баамында, мындай аракет бул жашыруун уюмдун акыркы күндөрү активдүүлүк көрсөтө баштагандыгына байланыштуу дешет.

Айрым адистердин пикиринде, тыюу салынган “Хизб-ут-тахрир” партиясынын өкүлдөрү акыркы кездерде Кыргызстандын түндүк аймактарында өзгөчө активдүүлүк көргөзүп, ишмердүүлүктөрүн жашыруун болсо да улантып келатышат. Алардын акыркы кездердеги жандуу иш-аракеттери өкмөт башчынын аларга каршы буйрук чыгаруусуна себепчи болду дешет. Буйрукка ылайык 2010-жылга чейин атайын өкмөттүк план түзүлүп, диний-экстремизимдин жайылышына жол бербөө, анын ичинде тыюу салынган “Хизб-ут-тахрир” партиясынын ишмердүүлүгүн болтурбоо маселеси каралган. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канат Мурзахалилов бул тууралуу мындай дейт:

- Бул буйрук диний экстремизмди, фундаментализмди, “Хизб-ут-тахрир” диний экстремисттик саясий партиясынын ишмердүүлүгүн алдын алуу боюнча иш-чара. Булар эми өздөрүнүн иштерин жашыруун түрдө жүргүзүп жатышат. Бирок мурдагы жылдарга салыштырмалуу алардын активдиүүлүгү анча байкалбайт. Ага каршы жергиликтүү бийлик органдары, биздин агенттик, Мусулмандардын дин башкармачылы менен бирге түшүндүрүү иштерин, түрдүү иш-чараларын жүргүзүп жатабыз.

Саясат таануучулардын баамында, ким “Хизб-ут-тахрир” уюмунда экендигин жер-жерлерде жергиликтүү тургундар деле, коппсуздук кызматтары деле билишет. Алар менен коопсуздук кызматкерлери, Дин иштери боюнча агенттик, Мусулмандар диний башкармалыгы биргеликте иш алып барып келатышканы менен уюмдун иши токтоп калган жок. Саясат таануучу, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Жолборс Жоробековдун айтымында, бул уюмдун өкүлдөрү азыркы тапта Кыргызстандын бардык аймагында пайда болуп, тоолуу райондорго чейин жетти:

- “Хизб-ут-тахрир” бүгүнкү күндө биздин бардык региондорубуздун тоолуу жерлерине чейин жетишти. Мунун бир себеби элдин турмушунун начардыгы болуп жатат. Анткени, мурда мен иштеп жүргөндө деле, азыр деле алардын иштөө методу өзгөргөн жок. Качан гана алардын акчалары көбөйүп калганда, брошюралары, баракчалары, адамдары көбөйүп, анан акчалары азайган кезде эле иштери солгундай түшөт. Эгер биз “Хизб-ут-тахрирдин” таасиринде кала турган болсок, калкыбыздын көбү мусунмандар болгондуктан, бир топ бөлүнүп-жарылуулар, кыйынчылыктар болуп кетүүсү турган иш.

Алдына бүткүл дүйнөлүк ислам халифатын курууну максат кылган “Хизб-ут-тахрир” партиясынын өкүлдөрү айрым учурларда ачыкка чыгып, массалык маалымат каражаттарына маек куруп да келишет. Диний-экстремисттик, террордук уюм деп эсептелген топтун өкүлдөрү өздөрүн андай деп эсептебей тургандыктарын да айтышат.

XS
SM
MD
LG