Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

БОРБОРДУК АЯНТТА АЙТ НАМАЗДАРЫН ОКУУГА ТЫЮУ САЛУУГА МУСУЛМАНДАР КАРШЫ


Ички иштер министрлиги Бишкектин борбордук бөлүгүндө айт намаздарын окууга тыюу салуу сунушу менен өкмөткө кайрылганы жакында белгилүү болду. Бирок мындай сунушка өлкөдөгү мусулман жааматтары макул эместигин билдиришүүдө. Айрым мусулман уюмдары андай болсо айт намаздарын окуу үчүн Жеңиш аянтын берүү сунушун козгоп жатат. “Азаттыктын ” кабарчысы бул маселе боюнча Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар конгресси деп аталган коомдук уюмдун жетекчиси Бакыт Нурдинов менен маектешкен.

- Ички иштер министрлигинин айт намаздарын эски аянттан башка жакка жылдыруу сунушу канчалык негиздүү деп ойлойсуз?

- Бул ошол катка чейинки 19-декабрда Курман айттын алдында чиновниктерден муфтийди чакырып, Курман айтты өткөрбөө жөнүндө сунуш болгон. Ошол сунушта Данияр Үсөновдун кийлигишүүсү менен Курман айт өтүп кеткен. Көп мусулмандар муну билбей калган. 24-декабрда ички иштер министри Ногойбаевдин атынан өкмөт аппаратына кат түшкөн эски аянтта өткөрбөө, кийинки айттарды мечиттерде окуу жөнүндө. Ошол эле 10-январда Муратаалы ажыга Дин агенттигинин директору Калматовдун атынан Ногойбаевдин катына негизделген кат түшөт . Ошон үчүн азырынча Дин башкармалыгына жооп бериле элек экен. Биз бул катты кечирээк угуп, ошон үчүн азыр жооп берип атабыз. Буга биз макул эместигибизди билдирип атабыз.

- Сиздин оюңузча министрликтин жүйөөлөрү канчалык негиздүү?

- Жүйөөлөрү негизсиз. Себеби бул катта “элдин жана транспорттун коопсуздугуна каршы болуп атат деп жазылган”,-дейт. Ал күн майрам, бул күнү эртең мененки сегизден тогузга чейинки убакыт бүт мусулмандар Кудай таалага дуба кылып, Кыргызстан элине тынччылык болсун деп тилек айтып жаткан мезгил болуп саналат. Биз кантип аларга тоскоол болуп атабыз? Ошон үчүн бул көтөрүлгөн маселенин себеби башкача болуп атат.

- Айт намаздардын атайын бөлүнгөн жайларда, мечиттерде окуу сунуштарына кандай карап жатасыздар?

- Мечиттерде бүт Кыргызстандагы мусулмандар батпайт. Ошон үчүн биз талап кылып атканыбыз, эгерде өкмөт тараптан кысым болсо, биз анда тарыхый өзүбүзгө тиешелүү Фрунзе менен Шопоков кесилишиндеги түштүк батыш тарабындагы азыркы Жеңиш аянтын берүүсүн талап кылып атабыз. Анткени бизде буга тиешелүү документтер бар.

- Эски аянт менен Жеңиш аянтынын аралыгы анча деле алыс эмес. Ошондуктан бул сунушуңуздардан оң натыйжа чыгаарына ишенесиздерби?

- Оң маселе чыгабы, чыкпайбы биз билбейбиз. Ал жерде 16-жылга чейин чоң мечит болгон экен, ал материалдарды архивден алдык. Ал боюнча азыр юристтер иштеп жатат. Ошон үчүн биз алдын ала мындай болот деп айтууга негиз кое албайбыз.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG