Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

ЭНЕРГЕТИКАНЫН БААСЫН ЭМИ ӨКМӨТ ӨЗҮ БЫЧАТ


29-январда Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу боюнча комитетинде бир катар мыйзамдарга президенттин каршы пикири каралды. Президенттик вето «Энергетика», «Электр жана почта байланышы» жана «Суу ресурстарын пайдалануу режими» жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамдарга коюлган. Бул мыйзамдарда тариф жана сууу ресурстарын пайдалануу маселеси каралган эле.

Комитеттин жыйынына өкмөт башчы Игорь Чудинов катышып, президенттин каршы пикиринин себептери жөнүндө суроолорго жооп берип, негиздемелерди жасады.

Каршы пикир жиберилген мыйзамдар болсо өткөн жылдын башында мурдагы парламент тарабынан кабыл алынган. Ал мыйзамдар аркылуу мурунку парламент энергетика, жылуулук, телефон байланышына тарифтерди, өлкөнүн суу ресурстарын пайдаланууну өз көзөмөлүнө алууга аракет жасаган. Бирок президент ага каршы болгон.

Маселен, президент тарабынан вето коюлган «Суу ресурстарын пайдалануу режими» жөнүндөгү мыйзам өткөн жылы 9-январда кабыл алынып, анда Кыргызстандагы суу ресурстарын пайдаланууну көзөмөлдөө Жогорку Кеңешке берилген. Мыйзамдын кабыл алынышына «Камбарата-1», «Камбарата-2» ГЭСтеринин менчикке кетүү мүмкүнчүлүгү, аны менен кошо суу сактагычтардагы сууну агызуу режиминин менчик ээлеринин көзөмөлүнө өтүү коркунучу түрткү болгон. Мына ошого жол бербеш үчүн Токтогул каскадындагы суу сактагычтардагы сууну пайдалануу режимин өкмөт түзүп, парламент бекитет деген мыйзам кабыл алынган.

Андан сырткары өткөн жылы 23-мартта «Энергетика» жана «Электр жана почта байланыштары» жөнүндөгү мыйзамдарга да өзгөртүү киргизилип, анда бул тармактардагы тариф саясатын жүргүзүү Жогорку Кеңештин көзөмөлүнө берилген. Бирок президент бул мыйзамдарга да вето койгон. Каршы пикирде тариф саясатын өкмөт жүргүзөт, ал эми суу ресурстарын пайдалануу «Суу жөнүндөгү» кодекске ылайык ишке ашырылат деп жазылган.

Азыркы Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана жер байлыгын пайдалануу боюнча комитети президенттин каршы пикирине толук макул болуп, эми маселени парламенттин кароосуна алып чыгууну чечти. Өкмөт башчы Игорь Чудинов комитеттин чечими жана мыйзамдарга каршы пикирге карата мындай оюн билдирди:

-Биз президенттин каршы пикирин өкмөттүн ыйгарым-укуктарын өкмөттө, Жогорку Кеңештикин Жогорку Кеңеште калтырыш үчүн киргиздик. Кыскача айтканда, бул мыйзамдардын мааниси ушунда.

Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын депутаты Тайырбек Сарпашевдин айтымында, мурунку парламент бул мыйзамдарды кабыл алганда бийликтин табияты башка болгон. Азыркы шартта тариф жана башка маселелер боюнча чечимди кабыл алуу кайсы тарапка берилиши айырмасыз:

-Азыркы парламенттин табияты өзгөрдү. Парламент менен өкмөт бир эле болуп калды. Алар бири-бирине жоопкерчиликтүү. Парламент үчүн өкмөт жооп берет, өкмөт үчүн парламент жооп берет. Демек бул ыйгарым-укук парламентте болобу, өкмөттө болобу эми айырмасыз болуп калды.

Жогорку Кеңешке Социал-демократиялык партиядан шайланган депутат Роза Отунбаева комитеттин чечимин колдоп добуш бергенин белгилеп, бирок энергетика саясатын «Ак жол» партиясы менен өкмөт элге түшүндүрүүсү керек деген пикирин билдирди:

-Мына Чудинов Бишкек ТЭЦи иштеп чыккан жылуулуктун чыныгы баасы канча, анан ал канчадан элге сатылууда, айырмасы абдан көп деп жатат. Муну элдин баары уккан жок. Ошондуктан бул маселени түшүндүрүү үчүн ири өнөктүк жүргүзүш керек. «Ак жол» партиясынын ар бир мүчөсү иштеш керек. Алар мына бизди эл колдоду деп жатпайбы. Демек партиянын саясаты үчүн иштеши керек. Ансыз элдин нааразылыгы чыгат. Биз элди колдойбуз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG