Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

СҮЙҮШКӨН ООРУЛУУ ЖАНДАРГА КИМ ЖАРДАМ БЕРЕТ?


Жазгүл Жамангулова, Чүй Биздин каарманыбыз Анатолий Кармышаков биринчи топтогу майып, жыйырма төрт жашта. Ал Бакайата районундагы майыптар үйүндө жашайт. Былтыр ал Чүй аймагына келип, Жайыл районундагы аялдардын психо- неврологиялык үйүндө жашаган Надя аттуу кыз менен таанышып, жактырып калган. Экөөнүн ортосунда үйбүлө куруу туурасында да сөз болгон. Бирок экөө эки башка облуста жашайт. Экөө тең тубаса майып. Ошол себептүү Анатолий эмгек жана социалдык коргоо министри Өктөмкан Абдуллаевага жардам сурап кайрылган.

- Биз дагы башка адамдардай үй- бүлөө куруп жашагыбыз келет. Надяны Таласка алып келүүгө өз көмөгүңүздү көрсөтсөңүз, урматтуу Өктөмкан эже?

Анатолийдин мындай кайрылуусунан кийин тиешелүү тараптарга коңгуроо кылып, Надянын бул туурасындагы оюна кызыктык. Тилекке каршы аны менен жолугууга уруксат ала албадык. Ал эми Жайыл районундагы аялдардын психо- неврологиялык үйүнүн директору Мирон Пак бизге буларды айтты:

- Дагы бир оорулуу, акылы кем наристенин төрөлүшү кимге керек ?Эмнеге керек? Мен түшүнбөй турам! Мыйзам ага жол бербейт, алар үйлөнгөнгө болбойт. Анткени Надя психикалык жактан оорулуу адам.

Учурунда Анатолий, эмгек жана социалдык коргоо министрине эки ирээт кат жөнөткөн экен. Катка ылайык аталган министрликтин социалдык мекемелер жана гуманитардык жардам бөлүмүнүн башчысы Ашырбек Тайтилеев Жайылдагы майыптар үйүндө болгон:

- Мындай окуялар майыптар үйүндө көп болот. Үйлөнүп, жашап алгандар да толтура. Надя болсо психикалык жактан оорулуу. Эгер дарыгерлер жакшылап көңүл бурса мүмкүн үйбүлө курууга болот. Бирок учурда тез- тез акыл эсин жоготуп, талмасы кармап калат экен. Мүмкүн үйбүлө курушса өзгөрүү болобу дедик, бирок Надяны Таластагы майыптар үйүнө алып барганга болбойт. Ал жакта шарт да жок.

Медиктердин айтымында тубаса майып жаштардын бирге жашоосуна мүмкүн эмес. Буга бөтөнчө Надянын оорусу жол бербейт. Бир сөз менен айтканда дени соо адамдардай сүйүүгө, бирге жашоого ашыккан майып жаштарга эч ким, эч кандай жардам бере албайт. Бирок мындай көрүнүштү укук коргоочулар адам укугун басмырлоо катары баалашууда. Алардын бири Азиза Абдырасулова «майыптардын да үйбүлө курууга укугу бар. Буга мамлекет тиешелүү шарттарды түзүп бериш керек», - деген оюн билдирет.

XS
SM
MD
LG