Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

ШАЙЛООНУН РАСМИЙ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ЭМНЕГЕ ЖАРЫЯЛАНБАЙ ЖАТАТ?


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы Борбордук шайлоо комиссиясын өткөн жылдын 16-декабрында өткөн парламенттик шайлоонун расмий түрдөгү акыркы жыйынтыктарын жарыялабай жатканы үчүн айыптап жатат. Коалициянын кайрылуусуна ылайык, мындай жагдай парламенттик шайлоонун акыйкат өтпөгөндүгүн, БШКнын таза иштебегендигин бышыктап тургансыйт. Ал эми бийлик өкүлдөрү болсо шайлоо мыйзам чегинде өткөнүн айтып, мындай айыптоолорго негиз жок дешет.

Былтыр 16-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында БШК Жогорку Кеңештеги 90 орунду үч партияга бөлүп, анын жетимиш бирин бийликтин “Ак жол” партиясы алган. Анын толук түрдөгү расмий жыйынтыгы бүгүнкү күнгө чейин жарыяланбай турганын айтып, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы БШКга кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда парламенттик шайлоонун толук жыйынтыгынын жарыяланбай келатканы анын акыйкат өткөндүгү жаатында шектенүүлөрдү күчөтүп жатканы, акыркы жолу өткөн жалпы элдик референдумдун жыйынтыгы да жарыяланбаганы, ошол себептүү жарандар “Мен ишенбейм” сыяктуу акцияларга катышып жатышканы тууралуу айтылган.

Коалициянын жетекчиси Динара Ошурахунова, БШК дагы деле болсо шайлоонун толук жыйынтыгын мамлекеттик маалымат каражаттарына жарыялоосу керектигин айтып, кептин баары башкаруу системасында жатканына токтолду:

- Эгер система өзү оңолбосо, БШК эч качан жакшы иштебейт. Мындан кийин дагы башка таза иштеген адамдар бул жакка келсе дагы, ал баары бир бийликтин көзүн карап турат, көз каранды. Ошондуктан, бардык кабыл алган чечимдери саясий чечим болуп калып атат. Эң оболу БШК элдин ишениминен кетти.

Учурда БШК толук кандуу иштебей, жакынкы күндөрү анын жаңы курамы түзүлөрү айтылууда. Анын мүчөсү Жылдыз Жолдошеванын айтымында, шайлоонун расмий жыйынтыктары чыгарылган, бирок эмне себептен жарыяланбай жатканы белгисиз:

- Маселен, расмий жыйынтыгы деп жыйын өткөрүп айтылбады беле. Кайсыл партия канчалык добуш алды депчи. Ошондо “Ак жол” 71, СДП 11, коммунисттер 7 орун алды деп айтылбады беле. Мына ошол расмий түрдө жыйында айтылды да. Ошондо биз кабыл алган токтом ММКларга чыгышы керек эле да.

Серепчилердин айтымында, БШКнын иши атайылап жасалма жол менен токтотулду. БШКнын бир катар мүчөлөрү болсо азыркы тапта бардыгы тең иштебей эле жүрүшкөнүн айтып жатышат. Анын мүчөсү Акылбек Сариев да муну ырастап, бардык жыйынтыктарды БШКнын жетекчиси жарыялатыш керек эле деген оюн билдирди:

- Жыйынтыктарды жарыялатуу анын жетекчисинин милдети. Чыкса эле “Эркин тоого” чыкмак. Негизи депутаттарга жыйынтык расмий түрдө жарыялангандан кийин гана мандат бериш керек эле. Азыр БШКнын ишин таптакыр токтотуп салышты. Муну деген борбордук орган деп коёт. Бир килейген конституциялык органды сенейтип салышты да. Акыркы күндөрү жумушка барсак эч ким жок, каалаган убагында келишет. Биз го коомдук башталышта иштеген адамдарбыз, бирок мамлекеттик кызматкерлери иштеш керек да.

XS
SM
MD
LG