Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

ЖАЛАЛАБАТТАГЫ “СЕНТЯБРЬ” ТЕЛЕКАНАЛЫ САЯСИЙ ОЮНДАРДЫН БУТАСЫНА АЙЛАНДЫ


29-январда Жалалабатта облустагы жалгыз көз каранды эмес телеканал болуп саналган “Сентябрь” сыналгысынын мунарасына байланыштуу соттун экинчи олтуруму болду. Сот иши Сузак райондук архитектура башчысы келбегендиги менен Каралма токой чарбасынын башкы токойчусун чакыртууга жана сыналгыга берилген жердин картасы жоктугуна байланыштуу 6-февралга жылдырылды. Соттун улам артка жылдырылышын сыналгынын түштүк аймагындагы деректири Асылбек Текебаев аны саясий оюн катары бааласа, карапайым жарандар бийлик соттун колу менен эркин сыналгыны жабууга аракет кылып жаткандыгын белгилешти. Облбийликтин маалымат кызматы мындай айыптоолорду четке какты.

Соттун жүрүшүндө Сузак райондук архитектура башчысы менен Кара Алма токой чарбасынын башкы токойчусунун түшүндүрмөсү зарыл болду. Бирок алардын жоктугуна жана сыналгыга берилген жердин картасын көрүү муктаждыгы туулгандыктан сот иши 6-февралга жылдырылды. Бирок сыналгынын түштүк аймагындагы деректири Асылбек Текебаев доо арызын карап жаткан экономикалык иштер боюнча облустук сотко зарыл иш-кагаздарды тапшыргандыгын, мунарага берилген жер үчүн токой чарбага ижара акылары төлөнүп тургандыгын чарба башчысы билдирсе да, соттун башка күнгө которулушун саясат менен байланыштырды:

- Кара Алма айыл өкмөтүнүн башчысы, Кара Алама токой чарбасынын жетекчиси Текебаев Асылбекке туура чечим, туура келишим, туура буйрук менен бердик. Аренда акысын өз убагында төлөп турат. Ага эч кандай доо жок дегенине карабай бүгүнкүгө чейин соттук териштирүү бүтпөй келет. Соттун колу менен айрып саясий оюндар жүргүзүлүп, “Сентябрь” телеси жакпай калган бийликтин өкүлдөрү телени жабууга аракети деп эсептейм.

Райондогу Кара Алма айыл өкмөтү менен ушундай эле аталыштагы чарба 2005-жылы жеке ишкер Асылбек Текебаевге Сузак токой бөлүмүнөн алты сотик жер ажыратуу буйругун чыгарышкан. Текебаев ал жерге чакан имарат куруп, “Сентябрь” сыналгысынын мунарасын орноткон. Токой чарбанын азыркы башчысы Шарабидин Жоошбаевдин айтымында жеке ишкер токойго зыян келтирген эмес. Жерди берүү буйругунда чарба кызматкери механикалык ката кетирген:

- Бул жерге 4,8 өлчөмүндө имарат курулган. Имарат телевышка үчүн курулган экен. Айыл өкмөт менен токой чарбасынын ортосундагы буйруктарда механикалык ката кеткен го деп ойлойм мен.

“Сентябрь” сыналгысы облустагы жалгыз эркин телеканал. Жалалабат шаар тургуну Калыбек Алиевдин айтымында бийлик соттордун колу менен калыс маалымат таркаткан Орусиялык “ТВ -борбор” сыналгысынын көрсөтүүсү менен “Азаттык” үналгысынын –берүүлөрүн жайылтып келаткан телеканалды жабууну көздөп жатат. Элдин эркин маалымат алуу укугу көз көрүнөө тебеленүүдө:

- Телевидениени бийликтегилер соттордун колу аркылуу жабууга аракет кылууда. Жабылбаш керек. Элге так маалымат жетип туруш керек. Элдин эркин маалымат алуу укугу чектелүү, бир гана “Сентябрь” телеси ачык, так маалымат берет, калгандары бере албайт.

Облустук бийлик аталган сыналгы менен өнөктөш мамилесин улантууда. Жергиликтүү бийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартов “Сентябрдын” деректиринин оюн четке кагуу менен кайсы гана телеканал, же гезит болбосун элге туура маалымат берүүсү керек экендигин белгиледи:

- Социалдык экономиканы, маданиятты, айылдык турмушун чагылдырган телевидение керек. Бирок бул телевидение саясаттын курманы, амбициянын куралы болуп калбашын каалайм.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG