Буга чейин акылман докторлор боюнда бар же эне болсомбу деп ой толгогон айымдарга кофени үч чөйчөктөн ашырбай ичүүгө уруксаат берчү. Бирок эми Калифорниядагы “Кайзер илимий изилдөө институнун доктору Де-Кун-Ли минтип чектөө койбой эле кофени такыр ичпей койгон дурус дейт.
"Жакында эне болуу бактысын күтүп жаткандар же балалуу болсомбу деген айымдар эн биринчи кофеден баш тартышы зарыл. Же жок эле дегенде алар кофеини жок кофеге өткөнү жакшы."
Ли-нин айтымында күнүнө 200 милиграмм, башкача айтканда эки чөйчөктөй кофе ичкен айымдар такыр кофе ичпегендерге салыштырмалуу эки эсе көп коркунучка кабылат. Муну Ли өз изилдөөсүнөн ачыктаган. Бирок кош бойлуу айымдар үчүн коркунуч туудурган бул кофе эмес, анын курамындагы кофеин.
Кофеин кофеден башка чай, ысык шоколад өндүү энергия берчү суусундуктарын курамында болот. Алалы, бир чыны чайда 39 миллиграмм кофеин болот экен.
Кофеин жатындагы түйүлдүк үчүн зыян болушу мүмкүн. Анткени кофеин түйүлдүктүн метоболизмине, башкача айтканда зат алмашуусуна кедергисин тийгизе алат. Мындан тышкары кофеин баланын тонунда кандын айланышын жайлатат.
Эми кофеден баш тарта албайм дегендерге кандай кенеш болот?
"Эгер алар чындап эле кофесиз тура албайм дешсе, анда күнүнө кофени бир чөйчөктөн ашырбай ичсе болот. Канча аз ичсе ошончолук жакшы",-дейт доктор Ли.
Доктор Ли буга чейин боюнан түшүрүп алгандар болсо "мен кофе ичип ушундай болдум" деп жыйынтык чыгарып, өзүн жемелөөгө болбойт деп эскертет. Анткени айымдардын боюнан түшүшү бул генетикалык аномалиянын эсебинен гана болчу нерсе. Кофеин болсо буга чейинки коркунучтарга кошул-ташыл гана болушу мүмкүн.
Анткен менен Линин пикиринде өзүнүн, баласынын ден соолугун ойлоп, кофеден такыр баш тарткан айымдар мактоого арзыйт.
Боюнда бар айымдар кофеин эле эмес, тамеки чегүү, алкоголдук ичимдик ичүү өңдүү терс өнөкөттөрдөн алыс болгону дурус экени доктор Ли айтпаса да белгилүү эмеспи.
Кофеиндин кош бойлуу айымдарга болгон таасири тууралу кененирээк “Төрөт жана гинекология” америкалык басылмасынан таап окуй аласыздар.
Элен Куленбекова, Прага