Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:11

МАККЕЙНДИН ФЛОРИДАДАГЫ ЖЕҢИШИ


АКШда өз партиясынан президенттикке талапкер болгусу келген саясатчылардын сынамык шайлоо жарышы уланууда. Флорида штатында республикачылардан аризоналык сенатор Жон Маккейн партиялаш атаандаштарын утуп алды. Демократтардан жеңиш сенатор Хиллари Клинтонго тийди.

Добуштардын толук санагы бүткөндө республикалык партияны жактаган флоридалык шайлоочулардын 36 проценти сенатор Жон Маккейнди колдогону аныкталды. Анын партиялаш башкы атаандашы Митт Ромни 31 процент добуш алды, калгандарына ишеним көрсөткөн шайлоочулар саны эки эсе аз болду.

Флоридага Нью-Йорктун мурдагы шаар башчысы Рудолф Жулиани өзгөчө үмүт арткан эле. Шейшембидеги сынамык шайлоодо тилеги акталбаган соң ал республикалык партиянын жарышынан биротоло чыгып, Маккейнге жааткер жана сүрөнчү болуп кошулууну ойлоно баштады. Бул чечимин ал Калифорния штатында жарыя кылат жана өз тарапкерлерин Маккейнди колдоого чакырат деген маалыматтар бар.

Маккейн үчүн болсо флоридалык шайлоочулардын колдоосу өтө чоң огожо болду. Байкоочулар бир ооздон республикалык партиянын башкы талапкери болгонго 71 жаштагы сенатордун мүмкүнчүлүгү артканын айтып жатышат. Маккейн Флорида штатында өз тарапкерлерине кайрылып, “бир жумадан кийин жалпы улуттук деп айтса болчудай сынамык шайлоо болорун, аны утуп алууну жана акыркы эсепте келип өз партиясынан президенттикке талапкер болуп калууну көздөп жатканын” билдирди.

Сенатор “жалпы улуттук шайлоо” деп 5-февралдагы “чоң шейшембини” айтып жатат. Бул күнү республикачыл партия 21 штатта өз талапкерлерин шайлоочулардын жана партиялык активисттердин сынынан өткөрөт.

Флорида штатындагы сынамык шайлоонун башкы мөөрөйү демократиялык партиянын талапкерлери арасынан сенатор Хиллари Клинтонго тийди. Анын партиялаш негизги атаандашы сенатор Барак Обома экинчи орунда калды жана Клинтондон эки эсе аз добуш алды.

Демократтар өздөрүнүн бул штаттагы сынамык шайлоосун мөөнөтүнөн бир кыйла эрте өткөрүштү,ошондуктан бул жердеги жеңиш талапкерлердин жалпы эсебине кошулбайт. Ошентсе да Хиллари Клинтон партиялык жалпы курултайда флоридалык делегаттардын добушун легалдаштырууга убада берди.

XS
SM
MD
LG