Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

ПРЕЗИДЕНТ ГУБЕРНАТОРЛОРДУ ЭЛГЕ ЧЫККЫЛА ДЕП БУЙРУДУ


Бүгүн өлкө башчысы Курманбек Бакиев облустун губернаторлору менен жолугушуп, алар жетектеген аймактарда социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын иштеп чыгып, аны жүзөгө ашыруу милдетин койду. Ошондой эле облус башчыларын жана район акимдерин эл менен байма-бай жолугушуп, көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүүнү талап кылды. Айрым талдоочулар туруктуу кадр саясаты болбосо президенттин койгон талаптары “суу кечпейт” деген көз карашта.

Премьер-министр баш болгон шаар жана облус жетекчилеринин катышуусунда бүгүн өткөрүлгөн кеңешмеде президент Курманбек Бакиев аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу багытында атайын программаларды иштеп чыгып, аны турмушка ашыруу талабын койду. Өлкө башчысы губернатор, акимдерди жогору жактан көрсөтмө күтүп отура бербей, өз алдынча жаңыча иштөөгө үндөдү. Ошондой эле министрлик-ведомостволорго облустук бийлик менен кеңешип, биргелешип иш алып баруу зарыл экендигин, биринчи-вице-премьер министр түздөн-түз облустар менен иш алып барып, аймактардагы жалпы абалга жооп берерин белгиледи. Президент губернаторлорду, шаар башчыларын, акимдерди карапайым калк менен байма-бай жолугушуу, көйгөйлүү маселелерди жеринде натыйжалуу чечүү керектигин эскертти.

-Эл менен жолугуу бул – система болуш керек. Эртең менен турганда кандай чай ичсеңер, обед кыласыңарбы? Ужин кыласыңар. Вот точно так же, эл менен жолугушуу бул өзүнчө бир үч маал тамак ичкендей болуш керек да. Эки маал тамак ичесиңерби? Не знаю. Кээ бирөө балким беш маал тамак ичер. Вот эл менен жолугушууда ушундай система болуш керек.

Мамлекет башчы белгилегендей губернаторлор ишкерлерди колдоп, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнү, экология маселесин колго алып, жигердүүлүк менен шымаланып иштөөлөрү зарыл.

Өз сөзүндө президент коңшу мамлекеттердин маалымат каражаттары, теле берүүлөрү басымдуулук кылган аймактарда жергиликтүү маалымат каржаттарынын материалдык-техникалык базасын жаңыртып, обого чыккан берүүлөрдүн сапатын жакшыртууну сунуштады. Ички миграцияны да жөнгө салуу маселесин кабыргасынан койду. Жогорудагы иштер аткарылбаса губернатор, акимдердин ар кимиси жеке жооп берерин эскертти.

Ош облусунун губернатору Аалы Карашев облустагы аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берип, зилзаладан жабыркагандарга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүп жатканына токтолду. Анын айтымында, жер титирөөдөн жабыр тарткандар узак мөөнөттөгү кредит берүүнү, турак жай курулуштарына жер участогун бөлүүнү, арзан курулуш материалдары менен камсыз кылууну өтүнүшкөн.

Ал эми Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Субаналиев болсо Торугарт-Нарын-Бишкек автожолунун кейиштүү абалына токтолуп, аны оңдоого мамлекеттен жардам сурады. Атбашы районунда үч миң адамды жумуш менен камсыз кыла турган соода-борбору куруларын белгиледи. Анын айтымында, облуста карышкыр күч алып анын кесепетинен мал чарба тармагына 29 млн. сомдук зыян келтирилген. Субаналиев Нарын облусунун коомчулугунун тоо текелерди атууга мораторий жарыялоо өтүнүчүн президентке билдирди.

Айрым талдоочулар эки жарым жылда облустарда губернаторлордун тез-тез алмаштырылышы олустардын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатканын айтышууда. Мурдагы губернатор Анвар Артыков болсо президент туруктуу кадр саясатын жүргүзбөсө, канчалык мыкты программа болсо дагы ишке ашпайт деген пикирде.

-Мына эки жылдан ашуун убакытта эле президент мактап-жактап туруп эле айрым облустарда үч губернатордон алмаштырып жиберди. Албетте, мурдагы баштаган ишти кийинки барган губернатор улантпайт. Ал өзүнүн саясатын жүргүзө баштайт. Жаңы барган губернатор өзүнүн үйбүлөсү менен көчүп барып, жеке маселелерин чечүү менен алектенип калат. Ошондуктан президент туруктуу кадр саясатын жүргүзбөсө, облустарда эч кандай өнүгүү болбойт.

Артыков белгилегендей губернаторлордун тез-тез алмаштырылышы облустагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө багытталбай, эртең кызматтан кетип калуудан коркуп, жеке пайда көрүүнү көздөгөн чиновниктердин кызыкчылыгы менен эле чектелип калат.

XS
SM
MD
LG