Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

УТУРУМДУК БАШКАРУУ УЗАККА СОЗУЛЧУДАЙ


30-январда Улуттук банк башкармалыгы “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын утурумдук жетектөөнү дагы бир айга узартты. Социалдык фонддун Бишкектин райондор аралык сотуна жолдогон доо-арызынын негизинде Улуттук банк 11-январдан 31-январга чейин “Кыргызөнөржайкурулуш” курулуш банкына утурумдук башкаруу киргизген. Утурумдук жетекчинин банкты башкаруу мөөнөтүн дагы бир айга жылдырып, укуктук жактардын 30% чейинки акчаларын төлөп берүү өтүнүчүн Улуттук банк колдоп берди.

“Кыргызөнөржайкурулуш” банкына утурумдук башкаруу киргизилгенден кийин жеке жактардын тең жарымына жакыны салган акчаларын кайтарып алышкан. Ал эми укуктук жактардын каражатын кайтарып берүү ушу кезге чейин чечилбей келген. “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы акционердик коомунун төрагасы Жумаш Сыдыков укуктук жактардын талабын 60% канааттандырууга каржылык мүмкүнчүлүктөр бар, бирок банктын утурумдук жетекчиси аны аткаргысы келбейт деген пикирде.

- Азыркы күндө 30% деп жатышат. 30% эмес, бүгүнкү күндө бизде 60% төлөп бергенге мүмкүнчүлүгүбүз бар. Турган акча. Биз атүгүл утурумдук жетекчиге да айтып жатабыз: “Жетпейт деп жатсаңар, мыйзамда жазылып турат, утурумдук башчы карыз акча алууга укуктуу” деп. Карыздарды жоюу боюнча. Жок, ал боюнча иштешпейт дагы “акчаңар жетпейт” деген бүтүмгө келип алышып эле ошонун негизинде аракеттенип жатышат. Булардын ою кандай экенин биз бүгүнкү күндө толук түшүнгөн жерибиз жок. Бирок ошонун алып бараткан жолу, кылып жаткан кызматынын баары бүгүнкү күндө мына ушул укуктук жактардын алдында чуулган салуу гана ою болуш керек. Булардын андан башка ою жок.

“Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын утурумдук жетекчиси Эрнис Стамбеков акча укуктук жактардын баарына жетпестигин ырастап, азырынча 30% гана төлөп бериш керектигин айтып келатат.

- Муну менен эмнеге жетишилет? Бирөөн жакын, экинчисин алыс кылбай, укуктук жактардын баарына банктагы акчасынын 30% каалагандай жумшоосуна шарт түзүп беребиз.

“Кыргызөнөржайкурулуш” банк жетекчисинин кеңешчиси Муратбек Мукашевдин айтуусунда, Улуттук банктын кардарлардын акчасынын 30% гана төлөп берүү жөнүндөгү утурумдук жетекчинин сунушун жактырышы күтүлгөн иш болчу.

- Мен ойлойм, утурумдук башкарууну узартып, анан 30% акчаны төлөп берүүнү чечет болуш керек.

Укуктук жактардын баарына акча жетпейт шылтоосу, “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы акционердик коомунун жетекчиси Жумаш Сыдыковдун ырасташынча, эң ири каржылык мекеменин айланасында чуулган түшүрүүнүн эле бир амалы.

- Эртеңки күнү Улуттук банк уруксат берген күндө дагы ошол 30% айланасында биздин банкта, укуктук жактардын ортосунда чыр-чатактар болушу мүмкүн. Анын баарына ким жооп берет. Улуттук банкпы же утурумдук жетекчиби?

Улуттук банктын төрага орунбасары Кубанычбек Бөкөнтаев башкармалык мүчөлөрү “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын утурумдук жетекчисинин өтүнүчүн колдоп, укуктук жактардын акчасынын 30% төлөп берүүгө уруксат берилгенин, утурумдук башкаруу дагы бир айга узартылганын маалымдады.

- Соттун чечими болмоюнча дагы бир айга узартылды. Эгер соттун чечими чыкса ал боюнча бир айдан эрте деле жаңы чечим кабыл алууга даярбыз. Эгер мунаса келишим болсо ошого жараша чечим кабыл алабыз. Мына ошого байланыштуу дагы бир айга калды.

Укуктук жактардын банктагы акчасынын 60% төлөп берүү, ал аз десе кредит алып аласанын түгөл баарын кайтаруу жөнүндөгү “Кыргызөнөржайкурулуш” банк жетекчилигинин өтүнүчү суу кечпей, Кыргызстандагы эң ири каржы мекемесинин айланасындагы талаш узаргандан-узарып баратат. Акционердик коом жетекчилеринин өйдөңкү бийлик өкүлдөрүнө жөнөткөн өтүнүч арыздары жоопсуз калууда. Айрым байкоочулардын баамында, ири банктын ишинин илгерилеп кетиши кайсы бир таасирдүү күчтөргө жакпайт шекилдүү.

XS
SM
MD
LG