Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

ДИН ЖАҢЖАЛДАРДЫ ОТ АЛДЫРАБЫ ЖЕ ӨЧҮРӨБҮ?


Татарстанда ушул аптада ислам жана толеранттуулук темасында эл аралык жыйын болду.

Дүйшөмбүдө башталган үч күндүк конференция "Ислам, жаңжалдар жана тынчтык орнотуу" деп аталды. Жыйынга Өзбекстан, Кыргызстан, Орусия, Иран, Италия, Германия, Индия жана башка өлкөлөрдө өкүлдөр катышты.
Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде 10 жыл иштеген Акылбек Салиев "Азаттыктын" Казандагы кабарчысына буларды билдирди:

- Кыргыз, казак, татар элдеринин ортосунда терең достук байланыштар бар. Биз Татарстандын парламентинде, мамлекеттик кеңешинде болдук. Бүгүн байланыштарды кайра жаңыртыш керек, мусулмандардын арасында байланыш болуш керек. Татарстандагы Орусиянын Ислам университетинде окуп жаткан кыргыздар бар экен, аларга көбүрөөк мүмкүнчүлүк бериш керек.

Конференцияны Орусиялык тынчтык жана ынтымак федерациясы, Германиянын Фридрих Эберт кору, Татарстан президентинин администрациясы, жумурияттын муфтияты жана башкалар уюштурду. Конференциянын чегинде "Региондор ортосунда жаңжалдардын чыгышында жана аларды жөнгө салууда исламдын ролу", "Ислам, мамлекет жана Орусия Федерациясын коопсуздук көйгөйлөрү" деген темаларда талкуулар өттү. Ал эми 29-январда жаңжалдарды жөнгө салуудагы, диндер жана улуттар аралык диалогду бекемдөөдөгү эл аралык уюмдардын ролуна арналган жыйын болду.

Делегаттар Татарстандын парламенти - Мамлекеттик кеңеште болушту.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG