Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:45

БАШ КАТЧЫ ТОПОЛОҢДУ БАСКАНЫ КЕНИЯГА КЕЛДИ


Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Найробиге келди. Бүгүн бул жерде Кениянын башкаруучу партиясы менен оппозициянын лидерлери кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Аларды бир топ күндөн бери Кофи Аннан элдештиргенге аракет кылууда. Бул озуйпага эми баш катчы да өз салымын кошууну чечти.

Найробиге Пан Ги Мун Аддис-Абебадан учуп келди. Эфиопиянын борборунда ал Африка союзунун кезектеги саммитине катышкан эле.Кениядагы жагдайга кайрылып, баш катчы: “Кандуу тополоң токтотулууга тийиш. Жазыксыз адамдардын өмүрүн кыйган кыянат басылышы керек. Чатакташкан тараптар дүйнөлүк коомчулуктун чакырыгына кулак төшөшү зарыл”,- деп айтты.

Азырынча Кенияда бурмаланган шайлоодон чыккан кандуу булоон уланууда. Бейшемби күнү оппозициядагы дагы бир депутатты өлкөнүн батышындагы шаарлардын биринде тындым кылып кетишти. Мунун алдында Найробиде парламенттин экинчи бир мүчөсүн да үйүнө кире бериште атып салышкан эле.

“Саясий лидерлер - президент Мваи Кибаки менен оппозициянын башчысы Райла Одинга кайрадан үстөлгө отуруп, бардык проблеманы көңкү калктын ишенимин жараткыдай кылып чечмейинче сүйлөшүүлөрдү улантышы керек”, - деп айтты баш катчы Пан Ги Мун.

Кениядагы куралдуу тополоң башталганына бир айдан ашып калды. Оппозиция декабрдагы шайлоону президент Кибаки будамайлап утуп алды деп эсептейт жана добуштарды калыстардын көзүнчө ачык санап чыгууну, болбосо кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.

Чатакташкан тараптары элдештиргени өткөн аптада Кенияга Улуттар Уюмунун мурдагы баш катчысы Кофи Аннан келген эле. Анын арачылыгы астында бийликтер оппозиция менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасын өткөрүштү. Бирок андан жарытылуу майнап чыккан жок. Жолугушуунун жума күнгө белгиленген айлампасына Аннан менен бирге Пан Ги Мун катышмакчы.

Өткөн бир айдын ичинде жалпы өлкөдө миңден ашуун киши саясий араздын курмандыгы болду. 250 миңдей киши үй-жайын таштап, кара башын калкалаганы коопсуз аймактарга качканга аргасыз болушту.

XS
SM
MD
LG