2007-жылы төрөттөн каза болгон аялдардын саны мурдагы жылга салыштырмалуу 9 пайызга өскөн. Мындай фактылар көбүнесе Ош шаарында, Талас жана Баткен облустарында катталган. 2007-жылы көз жумган энелердин 12 пайызы боюнда бар кезде, 81 пайызы төрөттөн каза болгон. Бул тууралуу бүгүн саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясында айтылды.(AiJu)