Шайлоонун экинчи айлампасына бийликтеги президент Борис Тадич менен улутчул партиянын лидери Томислав Николич чыгышкан. Эки атаандаш иш жүзүндө сербиялыктарга эки башка жолду сунуш кылышууда.
“Эки жолдун бири Сербияны Европага алып барат, бу жол жакшы турмушка жеткирерине бекем ишенем”, - деп билдирди Тадич. Экинчи вариантты – Европадан алыстоону – он жети жылдан бери радикалдуу партиянын атынан Томислав Николич менен Воислав Шешел пропагандалап келатышканын айтып, Тадич Европага кошулуудан башка жол жок экенин белгиледи. Сербиянын бардык үмүт-тилегин, келечегин жана эзелтен келаткан көп сандаган проблемаларды чечүү мүмкүндүгүн ал Европа менен гана байланыштырат. “Сербия бу жолдун жарымын басып өттү, анын соңуна ийгиликтүү жетерибизге ишенем”,- деп билдирди Тадич.
Тадич шайлоонун экинчи айлампасы иш жүзүндө Сербиянын Евросоюзга кошулушу жөнүндөгү элдик референдум болуп калат деп ишенет. Ушул аптанын башында Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери атайын жыйынга чогулуп, Белград менен өткөөл келишим түзүүнү чечишкен эле. Документке тараптар 7-февралда кол койгону жатышат. Брюсселдин бул кадамы байкоочулар арасында бир жагынан батышчыл маанайдагы Тадичке шайлоонун экинчи айлампасы алдында колдоо көрсөтүү, экинчиден, Косово үчүн төлөнө турган компенсация катары кабыл алынды.
Ал эми серб өкмөтүнүн өзүндө Евросоюз кокус Косовонун көз карандысыздыгын тааный турган болсо, анда Брюссел менен бардык келишимдерден баш тартуу тууралуу коалициялык макулдашуунун долбоору даярдалды. Тадич ага кошулган жок, ошондуктан өлкөнүн премьер-министри Воислав Коштуница коалициялык өнөктөшүн жекшемби күнкү шайлоодо колдобой турганын билдирди.
Сербиядагы таасирдүү кыймылдын – Элдик блоктун лидери Коштуницанын бул чечими улутчул радикалдар партиясынын лидери Томислав Николичтин көөлүсүнө суу куйгандай болду. Николич өзү өнүгүүнүн жападан жалгыз варианты бар деп эсептебейт. Ал бери эле дегенде эки жолду көрөт: анын бири - толугу менен Россияны эш тутуу, экинчиси – Евробиримдикке кошулуу. Бирок Николич “евросоюз” жолунда Сербияны көп тоскоолдор күтүп турат деп эсептейт. ”Албетте, алардын баарын Евробиримдик менен кызматташуу аркылуу жеңсе болот,- деп айтты Николич. – Бирок Косово менен Метохиянын көз карандысыздыгын Евросоюз каалабайт деген кеп карандай калп, ошондуктан Брюссел менен ачык жана тике сүйлөшүү керек”. Николич ошондой эле жети жылдан бери Тадичтин режими менен кызматташып келип, Сербияны жана анын элин сыйлаганга Евросоюзга эми эмне тоскоол болуп жатканын түшүнө албайт.
Шайлоонун биринчи айлампасында Тадич атаандашы Николичтен бир нече процент аз добуш алган эле.