Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

ОШ ТАРАПТА ӨЗБЕКСТАНДЫК ММКнын ҮСТӨМДҮГҮ КҮЧ


Керектөөчүлөрдүн баамында, Кыргызстандын түштүгүндө, айрыкча Ош тарапта Өзбекстандын массалык маалымат каражаттарынын үстөмдүгү күч. Мындан тышкары Ош шаарындагы эркин 2 телекомпания негизги берүүлөрүн өзбек тилинде жүргүзөт. Алардын кожоюндары мамлекеттик тилдеги берүүлөрдү өкмөт казынадан каражат бөлсө гана беребиз дешүүдө. Мамлекеттик тилдин маселеси жана маалымат коопсуздугу тууралуу сөз президент К.Бакиев губернаторлор менен өткөн аптада өткөргөн жыйынында да талкууланган болчу.

Биринчи аймактык радиорелейлик магистарлдар түйүнү ишканасынын директору Таалай Асановдун айтымында, түштүк жергесинин 99 пайызында Улуттук биринчи канал, 60 пайызында “ЭлТР” коомдук телеканалы чагылдырылат. Жергиликтүү жана өзбекстандык телекомпаниялардын камтуу ченеми туурасында айтуу кыйын. Бирок, жергиликтүү калктын өкүлдөрү мындай билдирүүгө макул эмес. Бул багытта айрым керектөөчүлөрдүн пикирин сурамжылаганыбызда, мындайча ой бөлүштү:

- Менин атым Султанова Фарида. Ноокаттан болом. Өзбекстандын каналдары толук көрсөтөт. Көп көрөбүз. Кино тасмаларын, жаңылыктарын көрүп турабыз.

- Менин аты-жөнүм Тагаев Саламидин маалыматты көбүнчө телеканалдардан алабыз. Андан тышкары автоунаадагы радиодон угабыз. «ОшТВ» мурда кыргызчаны аралаштырып берчү эле, кийин болсо таптакыр эле өзбек тилинде жүргүзүлүп калды. «ЭлТР» жакшы иштебей жатат.

- Биздики Кыргызстан менен «ЭлТР» каналдарын жакшы тартат. Радиодон болсо, иштен кийин «Азаттыкты» угам.

Деген менен «Прогресс» жаштар уюмунун төрагасы Жанарбек Акаевдин пикири боюнча, өзбек тилдүү жергиликтүү жана чет өлкөлүк сыналгыларда маалыматтар, оперативдүү программалары кызыктуу. Кимдин үйүнө башбакпагын, “ОшТВ”, “МезонТВ”, ошондой эле Өзбекстан телеканалдарына үңүлүп олтурушкан болот. Албетте, бул маалымат коопсуздугуна гана коркунуч туудурбастан, Кыргызстан жарандарынын коңшу мамлекеттин идеологиясына сугарылышына да өбөлгө жаратары шексиз:

- Кайсы жерге барба өзбек каналдарын көрүп отурушкан болот. Бул албетте, кыргыз эли үчүн абдан кооптуу. Себеби, бул Өзбекстан өзбек тилдүү каналдарды берип жатат. Бул өзбек идеологиясы чыгарылып жатат,- дейт Жанарбек Акаев.

Ал эми мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Ош аймактык комиссиясынын төрайымы Алмагүл Тилекманова КТРдин, ЭлТРдин көрсөтүүлөрүнүн чабалдыгын белгилеп, эл аргасыздан дүйнөлүк маалымат булактарын пайдаланып жаткандыгын, “ОшТВ”, “МезонТВ” өңдүү менчик телекомпаниялардын кыргызча берүүлөрүн мамлекет каржылабаса, абалды оңдоо кыйын экендигин эскертти:

- Дооматтарды биз «КТРге» дагы, «ЭлТРге» да айттык. Формасы жагынан башкача кылып, элди кызыктыра турган программаларды даярдаш керек деп. Ал эми «Азаттык», «Би-Би- Си» радиокомпаниялары бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган программалар даярдалып турат. Мамлекет биринчи кезекте бардык шарттарды түзүп бериш керек,- деди Алмагүл Тилекманова.

“МезонТВ” телекомпаниясынын директору Жавлон Мирзаходжаев, эгерде мамлекет КТРди каржылагандай, менчик телекомпаниялардын кыргызча берүүлөрүн каржылабаса, кыргыз тили коркунучка гана кабылбастан, башка тилдерге сиңишип кетиши да ыктымал экендигин айтты:

- Алыс барбай, Казакстанды алалычы. Менчик түрүнө карабастан бардык телекомпанияларга мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында грант бөлүп турат. Бизде КТРга жыл сайын 250 миллион сом бөлүнөт. А ошол эле учурда менчик телеканалдарга сокур тыйын жок. Мамлекет муну жолго койбосо, кыргыз тили коркунучка гана кабылбастан, орус жана башка тилдерге сиңишип кетиши да ыктымал, - дейт маектешибиз Жавлон Мирзаходжаев.
XS
SM
MD
LG