Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

БАТЫШ ЖЕ КРЕМЛЬ, СЕРБДЕРДИН ТАНДООСУ КАНДАЙ БОЛОТ?


Сербияда бүгүн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. Добуш берүүнүн жыйынтыгына жараша өлкө Батышка ыктаары же Орусияга ооп кетээри белгилүү болмокчу. Шайлоого кайра талапкердигин койгон учурдагы президент Борис Тадич Европа биримдиги менен жакындашууну, ал тургай өлкөнүн биримдикке мүчө болуп кошулушун каалайт. Атаандашы Томислав Николич Москва менен түбөлүк достуктун жалындуу колдоочусу катары таанымал.

Мындан эки жума мурда өткөн биринчи айлампада Николич добуштардын 40 пайызы менен биринчи болуп келген эле, Тадич 35 пайыз алган.

“Азаттыктын” Белграддагы кабарчысы Бранка Тривич азыркы айлампада экөөнө колдоо дээрлик теңме-тең экендигин бышыктады.

Сербияда президенттин кызматы чектелүү мандатка ээ, бирок шайлоо Косово өз алдынчалык жарыялайт деп жаткан учурда өтүп жаткандыгы менен маанилүү. Кечээ Косовонун өкмөт башчысы Хашим Тачи албандар басымдуулук кылган провинция көз карандысыздык жарыялаганы калганын дагы бир жолу мындайча бышыктады:

-Косово бүгүн өз алдынчалык жарыялаганга даяр. Биз жаңы Конституцияны даярдап бүттүк. Жаңы мамлекеттик символдорду даярдоо да бүтүп калды. Косово өз алдынча мамлекет катары жашоого даяр.

Бирок Тадич менен Николич экөө тең Косовонун өз алдынчалыгына каршы. Ошол эле мезгилде, Николичтин шайлоо компаниясында Косовонун өз алдынчалыгын колдогон Батыштын чыдамы түгөнүп жатканына басым жасады. Ал эми Тадич, Николичтен айырмаланып, Бириккен Улуттардын согуштук трибуналы менен кызматташттыкты колдоодо. Косоводон качып келген, учурда Белградда жашап жаткан Бранка биздин радиого Сербия жаңыланууга муктаж экендигин мындайча билдирди:

– Турмуш оңолушу керек. Жашоо өзгөрүшү керек. Өзгөрүш болот деп абдан үмүттөнөм. Биз да, балдарыбыз да адам катары жашоого муктажбыз.

Сербияда 6.7 миллион киши добуш берүүгө укуктуу, алардын арасында Косоводо серб азчылыгы көзөмөл кылган аймактардагы 100 миңдей киши да бар.

XS
SM
MD
LG