Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:11

“УЧУР” ТЕАТРЫ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ТАКШАЛУУ ЖОЛУНДА


“Учур” телетеатрынын түзүлгөнүнө алты жылдай болуп калды. Мына ушул жылдар аралыгындагы театрда кандай чыгармалар коюлду, театрдын репертуары кандай? “Азаттыктын” суроолоруна «Учур» телетеатрынын директору Шаршебек Шейшенов жооп берди.

- Чынында эле Кыргызстандагы профессионал театрлардын бири “Учур” жаштар театры. Мунун тарыхы, түзүлүшү элге деле маалым болуш керек. Ошентсе да кыскача токтолгонго аракет кылайын. Москвадан Щепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайды бүтүп 20 артист келген. Ошонун базасында, ошолордун негизинде биздин Улуттук телеканалдын алдында түзүлгөн болчу бул театр. 2001-жылы алгач биринчи жолу 8-июнда биринчи спекталибизди коюп, бет ачаарыбыз болгон. Өзүлөрүнүн Владимир Афонин деген мугалими биздин жаштарга арналган чыгармасын жазган экен, ошону коюп бизге келишкен. Ошондон бери “Учур” театры толук кандуу 14 спектакль коюуга жетиштик. Анын арасында классикасы да, комедиясы, трагедиясы, драмасы да, притчасы да бар, түрдүү жанрдагы спектаклдер коюлган. Андан тышкары балдар үчүн беш жомогубуз бар. Эки телесериал тарттык, 3-4 телепостановка, кыскаметраждуу фильмдерди тарттык. 2003-жылы Аравияга чейин барып келдик. 2002-жылы Жалил Садыковдун “Ак мөөр” спектакли менен Татарстанда өткөн Нооруз фестивалына катышып, ал жерден фестивалдын эң жаш коллективи болгондуктан бизге “Дебют” деген аталыштагы сыйлыгын беришкен.

- Быйыл Чыңгыз Айтматовдун жылы деп аталбадыбы. “Учур” телетеатрында буга чейин Айтматовдун чыгармасы боюнча спектакль коюлган. Андан башка чыгармаларын дагы сахналаштыруу пландарыңыздарда жокпу?

- Азырынча жок. Акыркы чыгармаларынын бирин драматург Абибилла Пазыловго инсценировкалап берүүгө заказ кылганбыз. 2007-жылы республикалык театралдык фестивалга катышып, ал жерде “Жаабарс” аттуу спектаклибиз гран-прини алган болчу. Кыргызстандагы профессонал жыйырмадай театр катышып, биринчи орунду биз алганбыз. Ошол эле спектакль менен Казакстанда өткөн эл аралык фестивалга дагы катышып, “Мыкты режиссура” деген номинациясына ээ болуп келдик. Буюрса октябрь айларында “Айтматов и театр” деген фестиваль өтмөкчү, ага ушул эле спектакль менен катышсакпы деген тилек менен турабыз.

- Алдыдагы чыгармачылык пландарыңыздар кандай?

- Бүгүнкү күндө болсо биздин театр Ибрагим Мусадеков деген өзбек драматургунун жакшы комедиясын алып, ошонун үстүнөн жаңыдан иштеп баштадык.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG