Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:46

КӨПЧҮЛҮК СЕРБИЯЛЫКТАР ЕВРОБИРИМДИК МЕНЕН ЖАКЫНДАШУУ ҮЧҮН ДОБУШ БЕРИШТИ


Амирбек Усманов, Прага Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Борис Тадич 51 процент добуш менен экинчи мөөнөткө Сербиянын президенти болуп шайланды. Демпартиянын лидери Тадич Сербияны Евробримдикке кошууну тышкы саясатынын негизги багыты деп санайт. Серб радикалдык партиясынын башчысы Томислав Николич атаандашынан үч процентке жакын аз добуш алды. Добуш берүүгө шайлоочулардын 67 процентке жакыны катышты.

2004-жылкы шайлоодо да Борис Тадичтин негизги атаандашы Томислав Николич болуп, жеңүүчү азыркыдай экинчи айлампада аныкталган. Ошентип, көпчүлүк шайлоочулар Серб радикалдык партиясынын башчысы Николичтин Орусия менен жакындашуу саясатын колдошкон жок. Николич жеңилгенин мойнуна алды:

- Эсептелген добуштардын негизинде, Борис Тадич 2 процентке жакын көп добуш алып, жеңген сыяктуу. Бул эсеп тастыкталса, учурдан пайдаланып, аны жеңиши менен куттуктайм.

Николич экономиканы катаал абалдан чыгарууга, албан калктуу Косовонун Сербиядан ажырагыстыгына шайлоо өнөктүгүндө басым жасап жатты. Анткен менен көпчүлүк сербдер Евробиримдикке кошулууну оң таап, Тадич айткандай, “демократиялык потенциалын” көрсөтүштү:

- Шайлоого катышып, Сербия да европалык демократия жолунда бекем турганын тастыктаган бардык сербиялыктарды куттуктаймын. Биз Европалык өлкөлөргө, Евробримдиктин мүчөлөрүнө Сербияда кандай мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөттүк.

Тадич чукул арада элдин олуттуу бөлүгүнүн колдоосун алган Николич менен кездешерин да эскертти.

Сербиядагы шайлоонун жыйынтыгы - Балканда Орусиянын таасири өсүп бараткан шартта- Евробиримдикти өзгөчө кубандырды. Биримдиктин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана эми Сербия- Евробиримдик арасындагы жакындашуу “мүмкүн болушунча тез жүрөт” деген үмүтүн билдирди:

-Менин оюмча, шайлоонун жыйынтыгы- Сербиянын көпчүлүк калкы Европаны көздөй жакындашуу улантыла берүүсүн каалаганын көрсөттү. Буга Европа чоң сүйүнүчтө.

Орусия да улутчул Николичке караганда, Тадичтин президент болуп кайра шайланышын оң көрүп жаткан. Москва бирок Косовонун эгемендигине каршы. Бул Брюселдин Косовону бир жактуу таануусун катаалдантат. Евробримдик Косовонун күнкорсуздугун тааныган шартта да, Тадич Брюссель менен жакындашууну токтотпоо зарыл деп санайт.

XS
SM
MD
LG