Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:15

НЬЮ-ЙОРКТУК ДЕМОКРАТТАР БАРАК ОБАМАГА ИШЕНЕБИ, ЖЕ ХИЛЛАРИ КЛИНТОНГОБУ?


Шейшемби - АКШда чоң шайлоонун күнү. Бул күнү өлкөнүн финансылык борбору, көп улуттуу жана эң чоң шаары Нью-Йоркто да президентке талапкерлерлер тандалат. Америкалыктарды экономикалык жагдай көбүрөөк кыжаалатка салганын, шаардын экс-мэри Руди Жулианинин жарыштан чыгышы далилдеди. Республикачыл Жулиани шайлоо өнөктүгүндө улуттук коопсуздук маселесине өзгөчө басым жасап жаткан. Соңку сурамжылоого караганда, нью-йорктук демократ-шайлоочулардын көбү кимди колдоорун билбей эки анжы абалда турат.

Дүйнөлүк базарда доллардын куну качып, АКШнын финансы жана турак жай секторунун илең-салаң абалы нью-йорктуктардын келечекке болгон тынчсыздануусун күчөтүүдө. Ошон үчүн, шайлоочулар президенттике талапкердин экономикалык программасына астейдил карашат, дейт 53 жаштагы жумуш издеп жүргөн менеджер Том Сайнсбери «Азаттыктын” кабарчысына:

-Нью-Йорк үчүн террорго каршы согуш маанилүү. Биз эки жолу: 1993 жана 2001- жылы террордук чабуулга кабылганбыз. Бирок, экономика сазга батканы турганда, анын мааниси өсүүдө. АКШ доллары дүйнөлүк базардагы кубатын эке эсеге жакын жоготту.

Сурамжылоолорго караганда, демократтардын чеби эсептелген Нью-Йоркто көпчүлүк африко-америкалык шайлоочулар кайсы талапкерге добуш берерин алиге билбейт. Алардын бири, шайлоого алгачкы ирет катышчу 20 жаштагы медсестра Айша:

-Обама өзгөрүүнү каалайт. Ал келсе, согуш токтоп, кары адамдар менен мектеп балдарынын абалы жакшырат. Хиллари да жакшы иштейт. Чынын айтсам, мен Хиллариге же Обамага добуш береримди билбейм.

Деген менен Хиллари Клинтондун күйөөсү африко- америкалыктар арасында дале популярдуу. Алар Билл Клинтонду өз учурунда “Американын биринчи ынды кара президенти” деп аташкан. Хиллари айым нью- йорктуктардын Сенаттагы өкүлү. Бирок 30 жаштагы медик аял Жина Лестердин пикиринде, көпчүлүк ынды каралар Барак Обама үчүн добуш бериши ыктымал. Анткен менен, Хилларинин саясый тажрыйбасы эске алынат го, дейт Жина Лестер:

- Арийне, айрым адамдар, көпчүлүк ынды каралар кара түстөгү адамдын президент болушун кааласа, көптөгөн аялдар президент аял болсун деген тилекте. Мен үчүн анын өңү маанилүү эмес. Азыр Клинтондон өткөн мыкты талапкер жок деп ойлойм.

Ушундан улам, АКШнын болочокку президентин тандоодо шайлоочулар талапкердин өңү- түсүн, жынысын, терроризмге жана экономикага болгон көз карашын эске алат сыяктанат.

XS
SM
MD
LG