Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

ТАКЫРБАШТАРДЫН КЫРГЫЗГА КЫЯНАТЧЫЛЫГЫ АШЫНЫП БАРАТАТ


Кыргызстандын элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине атайын нота жолдоп, Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасына да кайрылды. Элчилик анда Орусияда иштеп жүргөн кыргыз жарандарын өлтүрүү фактыларынын көбөйүп бараткандыгына катуу кабатырлануусун билдирип, ал кылмыштардын бетин тезинен ачып, күнөөкөрлөрдү жазалоону өтүндү.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуровдун билдирүүсү боюнча расмий нота жиберүүгө акыркы бир айдын ичинде Кыргызстандык төрт жарандын киши колдуу болуп каза болушу түрткү берди:

- 29-январь күнү биздин бир жараныбыз Медведково аймагында 3 жаш жигиттин колунан каза болду. Анын жанында бараткан дагы бир жараныбыз Склифосовский атындагы ооруканага жаткырылды. Акыркы бир айдын ичинде ушундай төрт кайгылуу окуя болду. Анын бирөө Санкт-Петербургда, үчөө Москвада болду. Ошол иштерди биздин талабыбыз боюнча иликтеп, күнөөлүүлөрдү табууга жардам береби деген максат менен кайрылдык.

Кыргыз элчилиги нотасында улутуна карап мыкаачылык менен жасалган кылмыштардын алдын-алуу жана айыпкерлерге жаза берүү чегин күчөтүүнү Орусиянын тартип коргоо жана сот органдарынан өтүндү.

Элчи Райымкул Аттокуровдун билдирүүсү боюнча Орусияда жүргөн кыргыз жарандарынын жалпы саны 350-400 миңдин тегерегинде жана алардын көбү Москва менен Санкт-Петербург шаарында иштешет. Так ушул эки ири шаарда башка улуттагы келгиндерге карата жергиликтүү улутчул такырбаштардын зөөкүрдүк мамилесинин курчушуна Орусиянын ички саясаты түздөн-түз таасир бериши мүмкүн.

-Азыр жергиликтүү элдин арасында Москва шаарында жана Москва областында мигранттар аябай көбөйүп кетти деген нааразычылык бар жана администрациялык деңгээлде да күчөп жаткан мезгил. Анан өткөндө мигранттар үчүн берилген квотаны 3 эсеге азайтуу жөнүндө Орусия өкмөтүнүн токтому чыккан. Бул токтомдун багытталган обьектиси ошол Москвадагы мигранттар болчу. Азыр өзүңөр деле телевизордон көрүп жатсаңыздар керек, чоң акциялардын чегинде рейддер жүргүзүлүп жатат. Бир чети чынында эле абал ошондой. Москвада мигранттар аябай көбөйүп кеткен. Маселен, расмий катталбаган жалпы мигранттардын саны бир жарым миллион деп бүгүн маалымат беришти. Орусия өкмөтүнүн ошол токтому жана коомдогу жалпы маанай улутчул такырбаштарга демк берген окшойт. Ушундай кайгылуу окуялар акыркы мезгилде аябай күчөп кетти,-дейт Кыргызстандын чет жерде иштеген жарандары менен иш алып барган “Замандаш” ассоциациясынын мүчөсү Жума Абдуллаев.

“Замандаш” ассоциациясынын Орусиянын 32 шаарында жайгашкан өкүлчүлүктөрүнүн маалыматы боюнча 2006-жылы Орусиядан тиги дүйнөгө кеткен 364, өткөн жылы 350 жарандын сөөгү Кыргызстанга жеткирилген. Жума Абдулаевдин айтымында, алардын сегиз-тогузу жергиликтүү адамдардын колунан мерт болушкан. Бирок алардын өлүмүн териштирген Орусиянын соттору көпчүлүк учурда алар улуту башка болгондугу үчүн эмес, зөөкүрдүктүн айынан ажал табышкан деген өкүм чыгаргандары өкүнүчтүү, дейт Жума Абдуллаев:

- Соттор улутуна карап жасалган кылмыш курмандыктарын караган мезгилде зөөкүрдүк кылган деп гана өкүм чыгарып коюшат. Бул Орусиянын эл аралык аброю жана жазылбаган ички саясатына карата жасалып жатат окшойт. Албетте, буга каршы катуу аракет жасалса тыйылып кала турган нерсе.

Ал эми Москвада 2 жылдан бери иштеп жүргөн 25 жаштагы кыргыз жараны Азамат Жумаев жүрүм-турум эрежелерин так сактап, сак болуудан ашкан амал жок деген ишенимде. Бирок ал Кыргызстандын ички жана тышкы саясаты чет жердеги жарандарынын коопсуздугунун башкы кепилдиги болот деген бүтүмгө келген экен:

-Бул саясаттан! Кыргызстандын мамлекет катары ички жана тышкы саясатына, анан саясий туруктуулугуна жараша бизге мамиле жасашат. Эгер биздин мамлекет кадыр-барктуу болсо бизди да урматташмак. Мисалы үчүн бул жерде кара жумушта иштеп жүргөн бир да казакты көрбөйсүң! Мисалы үчүн мен Москванын чет жагына эч качан жалгыз чыкпайм. Досторум менен да чыкпайм. Маршрутум бирөө гана-жумушка барам, кайра келем. Бирок коркунуч бар.

XS
SM
MD
LG