Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

ӨЗБЕКСТАН ИСЛАМ КЫЙМЫЛЫ ӨЗҮ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ ТАРКАТУУ АРАКЕТИНДЕ


Венера Сагындык кызы, Прага ш. Өзүн Өзбекстан ислам кыймылынын басма сөз өкүлү деп тааныштырган Ахмадинин айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү жана АКШ тарабынан террордук уюм катары саналган бул уюмдун согушкерлери ушу тапта Пакистандагы уруштарга катышууда. Алар Пакистандын экс-премьер-министри Беназир Бхуттону өлтүрүүнү уюштурган деп шектелген Бисматулла Мехсуддун лашкерлери менен ийиндеш күрөшүүдө. Абдулфаттах Ахмадинин бул айткандарын тактап-тастыктоо өтө татаал иш, бирок серепчилердин баамында, басма сөздөгү мындай билдирүүлөрү аркылуу бул уюм “казатчы” катары өзүн даңазалагысы келип жаткандай.

Өзүн Өзбекстан ислам кыймылы уюмунун басма сөз өкүлү деп тааныштырган Абдулфаттах Ахмади “Азаттыктын” Өзбек кызматына телефон чалып, кыймылдын соңку иш-аракеттери тууралуу айтып берди.

Эскерте кетели, АКШнын Мамлекеттик департаменти Өзбекстан ислам кыймылын террорчу уюмдардын “кара тизмесине” киргизген.

Эксперттердин айтымында, аталган уюм “Ал-Каида” жана ооган талиптери менен байланышы бар.

Ал 2001-жылы күздө АКШ Ооганстанда аскердик операцияларын баштаганда башкалардай эле оор жоготууга учурап, Пакистандын түндүк-батыш тарабындагы уруучул аймакка кире качкан.

Эмнеси болсо да, өзүн Өзбекстан ислам кыймылынын басма сөз өкүлү атаган Ахмади “Азаттыкка” телефон чалып, уюмдун талыкпай күрөшүп жатканын айтканы - өткөн жумада Пакистан армиясы Түндүк Вазиристанда “Ал-Каидага” каршы операция өткөрүп, уюмдун көзүрлөрүнүн бири Абу Лайт ал-Либи жок кылынганын жарыялаганга удаа келип отурат.


(Сүрөттө: Ооганстанга чектеш аймакта пакистандык жоокерлер чек ара тосмосун оңдоодо. 2007-жылдын 4-январы).


Кабарларда ал-Либинин жанындагы Борбор Азиялык алты согушкер кошо тындым кылынганы, атүгүл алардын бири Өзбекстан ислам кыймылынын жетекчиси болушу ыктымалдыгы да айтылган.

Бул кабарларды төгүндөө максатындабы, айтор Абдулфаттах Ахмади Өзбекстан ислам кыймылы мурдагыдай эле күч-кубаттуу уюм жана ал Түндүк Вазиристанда Пакистан армиясына каршы куралдуу күрөшүн улантып жатат деп белгилейт.

- Мына, бир аптадан бери Түштүк Вазиристанда Пакистан өкмөтү менен мусулман урууларынын ортосунда кырчылдашкан уруш жүрүп жатат. Азыр да негизинен Спинкей, Макин, Арозмат аймактарында салгылашуу жүрүүдө. Өкмөттүк күчтөр да көп чыгым тартты. Айрым өкмөттүк жайлар басылып алынып, кээ бирлери өрттөлдү.

Айтмакчы, бул сөздөрдү айткан Ахмадинин ким экендиги, тек-жайы тууралуу так маалымат жок.

Ал биздин радионун суроолоруна жооп берип жатып, уюмдун башкы максаты - Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун секулярдык режимин кулатуу экенин кайталайт.

Өзбекстан ислам кыймылы 2005-жылы Тажикстандын башкалаасында болгон жардыруу, кийинки жылы кыргыз-тажик чек арасында бир нече кишинин өмүрүн алган кол салуу үчүн жооптуу деп шектелет.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тыюу салынган уюмдун мүчөлөрүн, жактоочуларын издөө иштериндеги улам бир жетишкендигин жар салып келатат.

Өткөн жумада мындай кабар Бишкектен тарады: Кыргызстандын ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Бакыт Сейитов Өзбекстан ислам кыймылынын активисти Абдулхай Юлдашев Өзгөндө кармалганын "Азаттыкка" билдирди.

АКШ өкмөтү Өзбекстан ислам кыймылынын жетекчиси Тахир Юлдаштын дайын-дарегин билдирчү тарапка 200 миң долларлык сыйлык белгилеген.

Соңку бир нече жылдан бери Пакистандын Ооганстан менен чектеш аймактарында бул эки өлкөдөгү секуляристтик өкмөттөргө каршы күрөшүп келаткан Тахир Юлдаш бирде жарадар болду, бирде өлтүрүлдү деген каңшаар кабар тарап келатат.

Ал эми жогоруда сөз кылынган Абдулфаттах Ахмадиге кайра кайрылсак, “Азаттыктын” серепчилеринин айтымында, анын басма сөз өкүлдөрүнө чыгуу аракети Пакистан армиясынын улам күчөгөн соккусуна кабылган Өзбекстан ислам кыймылынын тарапкерлерине дем берүү максатын көздөгөндөй.

Айрым маалымат каражаттары бул аймакта 500дөн миңге чейинки өзбек жоочусу бар деп жоромолдошот.

XS
SM
MD
LG