Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

МОЛДО САЛААМ – КАБУЛ ТАРАПКА ӨТКӨН БАЙИСТҮҮ ТАЛИП


Мурдагы талиптердин кол башчысы Молдо Мухаммад Салаам жакында эле ооган өкмөтү тарапка өтүп кетти. Азыр ал Гелманд вилайетиндеги Муса-Кала аймагындагы бир ооданды башкарат. Жакында Салаам «Азаттык» үналгысы үчүн маек куруп, мурда шериги болгон талип жетекчиси молдо Мухаммад Оморду Курандын жоболорун бурмалаган деп сынга алды.

Молдо Мухаммад Салаам талиптерден өз ыктыяры менен ооган өкмөтү тарапка былтыр декабрда өткөн. НАТО күчтөрү Муса-Кала аймагындагы ооданды талиптерден тазалагандан кийин ооган өкмөтү аны бул оодандын башчысы кылып дайындаган эле. Салаамдын айтымында, ал талиптердин ана-башы Молдо Мухаммад Омор Курандын жоболорун бурмалап жатканын аңдагандан кийин ооган өкмөтү тарапка өтүүнү чечкен. Эми мурунку талип аскер башчысы «өзүн эмир деп атап, бийлик талашууга Молдо Мухаммад Омордо эч кандай укук жок» деп эсептейт:

“Молдо Омор 2001–жылы Кандагардан качып баратып, өз ыйгарым укуктарын Накыбахонд дегенге тапшырган. Муну менен Молдо Омор эмирлик бийликтен ажыраган десе болот. Эмирликти тапшырып койгон адам кайра эмир боло албайт. Муну ислам аалымдары да тастыктай алат. Ушул тапта Молдо Омор ушунчалык кудуретсиз калды дейсиз, ал түгүл үңкүрдө жашырынып жүрүүгө аргасыз. Жада калса аскерлерине да үнүн алдын-ала жаздырып буйрук берип турат. Ал мугалимдерди, студенттерди өлтүргүлө, мектептерди жок кылгыла деп буйрук берүүдө. Эмирликти таштап коюп анан, кайра мен эмирмин дегени исламга туура келбеген жорук”,-дейт Молдо Мухаммад Салаам.

Талиптер Салаамды чыккынчылык кылды деп айыптап, аны жок кылуу аракеттерин да көргөн. Январда ага кол салуу уюштурулуп, жанкечтинин жардыруусунан сакчылары эле жарадар болуп, Салаам өзү аман калды. Эми деле ага карата коркутуп үркүтүүлөр бар. Жакында эле Салаам өз чөнтөгүнөн талиптер атынан коркуткан мазмундагы кат тапкан.

Салаамдын кеңсеси оодан борбору Муса-Кала шаарынын чордонундагы дөңсөөдө орун алган. Үч кабаттуу кеңседен калаа алаканга салгандай көрүнөт.

НАТО күчтөрүнүн согуштан кийин калыбына келтирүү аракетинен анча майнап чыга электигин ушул дөбөдөн туруп шаарга көз чаптырганда эле түшүнөсүз.

Талиптерден калааны тазалоо үчүн салгылашууда миңдеген тургундар үй-жайын таштоого аргасыз болуп, шаар азыр дээрлик ээн калды. Калаадагы мурун бака-шака болгон базарлар да бопбош. Мурдараак Муса-Каланы талиптер бийлеп турган кезде жайма базарлар өзгөчө кымгуут болчу. Ал убакта адамдар ачык эле героин, апийим, курал-жарак менен соода кылышчу. Азыр болсо шаарда Салаамдын ишенимдүү үч жүздөй аскерине гана курал алып жүрүүгө уруксаат бар.

Учурда Салаамдын 19 жашаар уулу мурунку талип кезиндегидей эле сакал коюп, кара селдесин башынан түшүрө элек. Ал эми 45 жаштагы молдо Салаам эл арасында жоочу талиптерден кескин айырмаланган «жакшы талип» атыга баштады. Ооган өкмөтү да Молдо Мухаммед Салаам сыяктуу мурдагы талиптерди бооруна тартуу аркылуу өлкөдөгү кооптуу кырдаалды дурус жагына өзгөртүүгө үмүткөр.

Элен Куленбекова, Прага

XS
SM
MD
LG