Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

5-ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Энесайлык кыргыздар орус аскерлеринен озунуп, 1680-жылдын 5-февралында капыстан кол салган. Кыргыз областтык Революциялык Комитетинин Президиуму, 1925-жылдын 5-февралында Кыргыз Автономиялык областтык Советинин Бүткүл кыргыздык уюштуруу съездин чакыруу туурасында чечим кабыл алды.

Энесайлык кыргыз беги Эренактын чапкынан кийин Красноярск жана Томь воеводалары Кыргыз жергесине аскердик операция уюштурууну чечишкен. Орус аскерлери адегенде кыргыздар жашайт деген Терекли йолго келип, өрөөндөн кыргыздарды таппай калышкан. Орус отрядын жетектеген Р. Старков менен И. Гречаниндер кыргыздар дагы бир амал ойлодубу деп шектенишип, Ак жана Кара Ийус өрөөнүнө аттанышкан. Алардын максаты Кыргыз ээлигине кирген красноярскилик аскерлер менен биригип, бирдиктүү күч менен кыргыздарга сокку уруу болгон. Бирок кыргыздар алардан озунуп, 1680-жылдын 5-февралында орус аскерлерине кандай капыстан кол салса, ошондой эле күтүүсуз жерден кайра тоо-ташка житип кетишкен.

Кыргыз Автономиялык областынын уюшулгандыгы туурасындагы Декларация 1925-жылдын январь айында кабыл алынган. Декларацияда Революциялык Комитет эмгекчил кыргыз калкынын туруктуу иштей турган өкмөтүн куруу максатында жумушчу жана дыйкандар Советинин Уюштуруу съездин чакырууга кирише тургандыгын белгилеген чечим чыгарган.

Декларацияга ылайык Кыргыз областтык Революциялык Комитетинин Президиуму, 1925-жылдын 5-февралында Кыргыз Автономиялык областтык Советинин Бүткүл кыргыздык уюштуруу съездин чакыруу туурасында чечим кабыл алды.

Кыргыз ССР Жогорку Совети 1991-жылдын 5-февралында борбор шаардын тарыхый ысмын калыбына келтирүү маселесин талкуулады. Айрым депутаттар шаар мурда «Пишпек» аталгандыктан, Фрунзе шаарынын Пишпек аталышын тура деп эсептешсе, айрымдары ал аталыш орус документтеринде гана жаңылыш белгилендиктен ал терминди кабыл алуу мүмкүн эместигин эскертишти. Коммунист жолдоштор, М. В. Фрунзе Кыргызстанда туулган улуу полководец жана таанымал интернационалист экендигине басым жасап, шаардын Фрунзе аталышында калышын жакташты. Акыры депутаттардын басымдуу көпчүлүгү, XVIII кылымда азыркы борбор шаардын кашында жашап, калмак чапкынына каршы күрөшкөн белгилүү инсан Бишкек баатырдын ысмын ыйгарууну туура көрүштү.

Бу күнү, 1850-жылы АКШда арифмометр деген биринчи эсеп машинасы патенттелип, 1505-жылы швейцариялык тарыхчы Эгидий Чуди, 1836-жылы орус адабият сынчысы Николай Добролюбов, 1840-жылы америкалык конструктор, «Максим» пулеметун ойлоп тапкан Хайрем Максим, 1878-жылы француз инженер-механиги жана «Ситроен» автомобиль компаниясын негиздеген Андре Ситроен жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG