Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:22

ЖУРНАЛИСТТИК КЕСИП БЫЧАКТЫН МИЗИНДЕ, НАЙЗАНЫН УЧУНДА


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет 2007-жылга карата баяндамасын жарыялап, анда Кыргызстанда журналисттердин абалы 2006-жылга салыштырмалуу 2007-жылы кескин начарлап кеткени белгиленди. Бул боюнча “Азаттыктын” суроолоруна “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев жооп берди.

-Марат мырза, чындыгында эле Кыргызстанда журналисттердин коопсуздугуна коркунуч туулдубу? Расмий бийлик болсо, сөз эркиндиги Кыргызстанда абдан жогорку деңгээлде деп айтып жатат. Ушуга сиздин көз карашыңыз кандай?

-Ар бир бийлик эч качан айтпайт да: сөз эркиндиги боюнча мамлекетте абал начар деп. Бирок фактылар бардыгын көрсөтүп жатат. Өткөн жылды биз иликтеп келгенде, жыйырма алтыдан ашык журналистти үркүтүп-сабап кетүүлөр болгон. Мындан сырткары Кыргызстандын тарыхында журналистти заказ менен өлтүрүү болуптур. Өзүңөр айткандай, укук коргоо органдары убактылуу токтотуп коюшту бул ишти.

-“Журналисттер” коомдук бирикмеси бул ишти аягына чыгаруу маселесин дагы көтөрүп чыктыңар эле. Бул иш кандай болуп жатат?

-Күбөлөрдү издеп жатабыз деп жатышат, бирок тергөө иши аягына чейин чыкпай, жыйынтык болбой жатат. Жыйынтык деген качан болот? Качан ошол күнөлүү деген адамды сотко берип, соттун чечими чыкканда гана айта алабыз. Тилекке каршы, журналисттерди сабап кетүү фактылары боюнча дагы бир дагы кылмыш иши аягына чейин чыгарылган эмес, сот иши дагы бүткөн эмес.

-УТРКда ачкачылык жарыялап отурган журналисттерине барып, жолуктуңарбы? Алардын коюп жаткан талабына кандай баа бересиз?

-Биздин уюмдун мандаты ушундай - кайсы бир жамааттын ичинде болуп жаткан чатакка кийилигишпейт. Бирок ошого карабай, ортомчулук кылып, балким ачкачылыкка чейин жеткирбей эле бир ишти чечсе болобу дегендей болуп, ачкачылык жарыялагандарга барып сүйлөшкөнбүз, бирок алар “биздин талаптарыбыз жүз пайыз менен аткарылмайынча, сүйлөшүү столуна отурбайбыз” деп жатышат. Бирок бир чети мындай пикир келишпестиктер, ачкачылыктар реформа болгон жерде боло бериши мүмкүн. Эгерде КТРдин жетекчилигин атайын жакшы саясатты алып барса, реформа боюнча мен ойлойм чыр чатактар болбойт эле.

-Марат мырза, өлкөдө журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эмне кылыш керек?

-Коопсуздугун камсыз кылыш үчүн биринчиден, бийлик тиешелүү көңүл бурушу керек бул ишке. Экинчиден, укук коргоо органдары медиа уюмдар, ММКлар менен тыгыз байланышта иштеш керек. Журналисттердин коопсуздук маселелери боюнча окутууларды жүргүзүш керек.

-Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG