Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

ЖОРЖ БУШТУН АСКЕРИЙ БЮДЖЕТИ


Жорж Буш келерки жылдын бюджетинде Коргоо министрлигине 515, 4 миллиард доллар бөлүүнү сунуш кылды. Бул быйылкы фискалдык жылдагыдан 7, 5 процентке көп. Анын 70 миллиард доллары Ирак жана Ооганстандагы согушту «кошумча каржылоого» сарпталмакчы. Бирок, Ак Үйдүн айтымында, бул чыгымдар 100 миллиард доллардан ашып кетиши ыктымал. Бул - АКШнын келерки президенти согушту каржылоону токтотпойт дегенди билдиреби? Бул жөнүндө талдоочулардын пикири кандай?

Кошмо Штаттарда 2009-финансылык жыл быйыл 1-октябда башталат. Андыктан, 3, 1 триллион долларлык бюджет бекитилгенден кийин, Буштун ордуна келчү президент Ирак жана Ооган согушун улантууга мажбурбу? Жок, Буш болочок президентке тандоо мүмкүнчүлүгүн калтырууда, дейт Вашингтондогу бейөкмөттүк Heritage фондунун серепчиси Жим Филлипс:

-Менин оюмча, администрация келерки өкмөттүн колу мүмкүн болушунча бош болуусуна аракет кылып, Ирак менен Ооганстандагы кырдаалды жакшы абалда калтырууга тырышып жатат.

Филлипстин айтышынча, ноябрда демократ президент шайланып, ал Ирактан аскерлерди тез чыгарып кетүүнү каалбаган учурда да, Буш сунуш кылган бюджет согуштук операцияларды каржылоону ийкемдүү кылат.

Конгресстин эки палатасын контролдогон демократтар өткөн жылы Пентагон сураган 189 миллиард доллардын ордуна 87 миллиард доллар бөлгөн. Ошондуктан, Буш президенттик шайлоо алдында сураган акчасын толук албай калышы ыктымал. Анткен менен, профессор Роберт Спитцердин пикиринче, Буш келерки жылдары анын согуш саясаты улантылышын каалаганы табигый иш:

- Ал Иракта тынчтык орнотулмайынча, өзүбүзгө алган негизги милдеттенмебизди каржылоону токтотпошубуз керек деп айткан. Бул сөз 2009-жылдын 20-январында Буш президенттикти өткөрүп бергенден кийинки мезгилге карай айтылган.

Спитцер да Буштун бюджети анын мураскеринин согуш саясатын чектейт деп ойлобойт. Президенттикке талапкер республикачыл Жон МакКейн Буштун Ирак саясатын башынан колдоп келет. Ал эми демократтар согушка каршы болсо, каржылоону кыскарата алат, деп ишенет америкалык серепчи Спитцер.

-Демократтар чындап эле башка көзкарашта болсо, Конгресс айрым иштерди каржылоону токтотуп, Буш бийликтен кеткенче, маселенин башын ачып алса болот.

Аскерий бюджет кандай болгондо да, Жорж Буштун кийинки президентке казынаны бош калтырганы анык. Анын аскерий чыгымдарды көбөйтүүгө катар салыктарды кыскартуусу - өкмөттүн карызын көбөйттү. 2007-жылы бул сумма 410 миллиард долларды түздү. Профессор Спитцердин сөзүнчө, жаңы президент бюджеттик тартыштыкты согуштук чыгымдарды кыскартуу жана салыкты көбөйтүү аркылуу гана жаба алат.

XS
SM
MD
LG