Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

“ЧОҢ ШЕЙШЕМБИ” – ЧОҢ ШАЙЛООНУН КҮНҮ


АКШнын 24 штатында бүгүн президенттикке талапкерлерди тандашат. Бүгүнкү ички партиялык шайлоо же “Чоң шейшемби” (Super Tuesday) ноябрда өтчү ат салышка ким катышаарын аныкташы мүмкүн. Коомдук пикирди сурап билүүлөр көргөзгөндөй, республикачылдардан жарышты сенатор Жон Маккейн утушу ыктымал. Ал эми демократтардын талапкерлери сенаторлор Хиллари Клинтон менен Барак Обама, сурамжылоолорго караганда, теңме тең баратышат.

Республикалык партиянын атынан президенттик ат салышка катышууга талаптанып жаткан сенатор Жон Маккейн, сурамжылоолорго караганда, алдыга озуп чыгышы ыктымал. Ишкердик чөйрөсүндө бай тажрыйба топтогон Митт Румней экинчи болуп келатат.

Бүгүнкү добуш берүү эки талапкер үчүн тең бурулуш учур болуп калмакчы. Себеби көпчүлүк штаттарда шайлоону жеңген киши ошол штаттын делегаттарынын бардык добуштарын алат.

Демократтарда болсо эл берген добуштар делегаттар ортосунда пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүлөт. Же башкача айтканда сенаторлор Хиллари Клинтон менен Барак Обаманын кимиси жеңгени бүгүн аныкталбашы мүмкүн.

Бирок быйылкы шайлоодо көпчүлүк прогноздор, аналитиктердин божомолдору туура эмес болуп чыгууда. Вьетнам согушунун ветераны Маккейнди маалымат каражаттары жана өз партиясы жарыштын аутсайдери деп атаган эле. Азыр болсо анын мүмкүнчүлүктөрү жогору бааланууда.

Шайлоо кампаниясы башталып жаткан учурда, дээрлик бир жыл илгери, демократтар Хиллари Клинтонду көргөзүшөт деген бекем ишеним бар эле.
Бирок жаш сенатор Обама ага тең ата атаандаш болуп чыкты.

Соңку апталарда бардык талапкерлер элди үгүттөп, бүт өлкөнү кыдырып чыгышты:

-Бул бурулуш шайлоо. Жарышка катышкан кээ бир адамдар азыртадан эле эмки шайлоону ойлоп жатышат. Мен болсо келечек муунду ойлойм, себеби мамлекеттик кызматкерлер ошонун камында болушу керек. Америка түбөлүккө дүйнөнүн эң улуу улуту бойдон калат деген кепилдик жок. Аны ишке ашыруу ар бирибизге жана бардыгыбызга багыңкы, - деди Клинтон жыйындардын биринде.

Эки демократ тең медициналык камсыздоосу жок миллиондогон америкалыктарга жардам бергиси келет, экөө тең Ирактагы америкалык кийлигишүүгө чекит коюууну көздөшөт. Бирок алардын жүрүм туруму, шайлоо стратегиясы асман менен жердей. 60 жаштагы Клинтон президенттик жарышка катышкан алгачкы олуттуу аял-талапкер. Бирок анын сынчылары Хиллари жеңсе, өлкө 20 жылдан ашык убакытка эки үйбүлөнүн, Буштар менен Клинтондордун, башкаруусунда болуп калат дешүүдө.

46 жаштагы Обама күтүлбөстөн быйылкы шайлоонун жылдызына айланды. Анын үгүттөө жыйындарына миңдеген адамдар катышып, сенатор өзгөчө жаштарды, алагачкы жолу добуш берип жаткандарды өзүнө тарта алды.

Бирок Обаманын жетиштүү тажрыйбасы жок деп сындагандар да аз эмес. Анын колдоочулары болсо, ал Ирактагы урушка эң башынан каршылыгын билдирип, өзүнүн акыл-эстүүлүгүн көргөзө алды дешет. Көптөрү жаш сенатордун харизмасын Жон Кеннединики менен салыштырышат:

Биз алдын-ала шайлоону, андан кийин жалпы шайлоону жеңебиз. Сиздер менен биргелешип өлкөнү өзгөртөбүз, дүйнөнү өзгөртөбүз, - деген Нью-Жерсидеги шайлоо өнөктүгү маалында Обама.

Иллинойстогу добуш берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келет. Обама штаттын Сенаттагы өкүлү, Клинтон болсо ал жерде туулган. «Азаттыктын» кабарчысы Хизер Майер штаттын ири шаары - Чикагонун тургундарын сөзгө тартканда көпчүлүгү АКШ экономикасынын чабалдап бартканына кабатырлануусун билдиришти:

-Менимче, экономикалык төмөндөөгө карай баратабыз. Статистиканы, жумушсуздуктун деңгээлин карасаңыз, тилекке каршы, алга жылуунун ордуна артка кетип атабыз, - дейт Энтони аттуу жигит.

Ирактагы согуш башталганына 5 жыл болуп калган кезде добуш берүүчүлөр тышкы саясатка мурдагыдан көп көңүл бурганы байкалууда:

-Мен Маккейнге добуш берем го. Ал тышкы саясат чөйрөсүндө эң күчтүү талапкер көрүнөт, - дейт 35 жаштагы Дэйл.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары Бишкекте таң атып калганда белгилүү болмокчу.

XS
SM
MD
LG