Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Б.СЕЙИТОВ: АЙРЫМ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫЛМЫШКА АРАЛАШУУДА


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Кечээ Ички иштер министрлигинин коллегиясында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш солгун жүрүп жатканы, райондук бөлүмдөрдүн, Мамлекеттик автоинспекциясынын иштери сынга алынганы тууралуу маалымат тарады. Бул боюнча “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов жооп берди.

-Бакыт мырза, кечээги коллегияда буйрутма киши өлтүрүүлөр тууралуу маселе козголдубу? Ал кылмыштардын бети ачылчудайбы?

-Негизинен кечээ ИИМдин 2007-жылдын жыйынтыгы боюнча жаңы министрибиз, милициянын генерал-майору Молдомуса Конгантиев өзүнүн кеңири баянын жасады. Ошол баянда негизинен ички иштер органдарынын өткөн жылдагы иштеген иштериндеги кемчиликтерин баса белгилеп, бир топ жетекчилерди сынга алды. Негизинен бардык региондор боюнча көрсөткүчтөр салыштырмалуу жакшы болгону менен айрым бир багыттарда кылмыштардын, уюшкан кылмыштуулуктун, буйрутма адам өлтүрүүлөрдүн бетин ачууда айрым бир милиция кызматкерлери өздөрү ошол кылмышка аралашып, кылмышкерлерге милиция кызматкерлери тарабынан принципиалдуу баа берилбей калганы өтө катуу сынга алынды.

-Мына азыр жол кырсыктары көбөйгөнү көп айтылууда. Аны азайтуу боюнча кандай иш-чара көрүлөт?

-Чындыгында өткөн жылы 5-6 миңге жакын адам өлүп, 7 миңге чукул адамдар жарадар болгон. Жалпы республика боюнча мамлекеттик автоинспекция кызматкерлерин биздин министрибиз дагы, андан сырткары өлкөнүн премьер-министри өтө катуу сынга алды. Себеби жол кырсыктарынан айрыкча жаш балдардын өлүмү өтө көп болуп кеткен. Бул МАИ кызматкерлери профилактикалык, уюштуруу иштерин жүргүзүүнүн ордуна көп убакыт бою өз чөнтөктөрүнө иштешип, тартип бузууларга айрым учурларда көз жумуп, айдоочулардын күбөлүктөрүн бекер бериши жана ошондой эле бир топ кемчиликтер кеткен. Ошол себептүү республикалык МАИнын жетекчиси, милициянын полковниги Леонид Поляк, Бишкек шаардык МАИ бөлүмүнүн жетекчиси Абдиевди кызматынан алды.

-Жаңы жыл алдында Президенттин администрация жетекчисине кесилген кулак, кесилген сөөмөй берилгени жөнүндө маалымат тарады эле. Ал багытта кандай иш жүрүүдө?

Негизинен бул багытта азыр тергөө иштери аягына чейин чыга элек. Себеби бул жердеги милиция кызматкерлердин айрымдарынын тиешеси бар болгондуктан бул ишти Башкы прокуратура тергеп жатат. Мындан сырткары Карасуу районунда болгон окуя боюнча аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Асановду кызматтан алды. Мындан сырткары Ош областык ички иштер башкармасынын орун басарлары дагы кызматтан четтетилди.

-Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG