Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИНИН АЛДЫНДА ЧЫГАРМАЧЫЛ-ЭКСПЕРТТИК ТОП ТΥЗΥЛДΥ


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Маданият министрлигинин алдында чыгармачылык-эксперттик топ түзүлдү. Алар коюлган спектакль, концерт, тасмалардын көркөм деңгээлине көзөмөл кылышат. Алардын милдеттери, аткаруучу иштери тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна маданият министринин орун басары Орозбек Айдаров жооп берди.

-Чыгармачылык-эксперттик топ көркөм өнөрдүн, искусствонун өнүгүшүнө чектөө коюп койбойбу?

-Биз көркөм эксперттик топту түзүп жатканда дал ушундай суроолор бизди дагы чоочулатып, кооптондурду. Бирок биз ойлонуп көрсөк, ар бир чыгармачылык топко кандайдыр бир баа берүүгө, же болбосо, алардын деңгээлине, жасалган ишине так баа берүүгө мүмкүнчүлүк берет экен. Өзүңүз билгендей, буга чейин кандай гана чыгарма болбосун, театр иликтөөчүлөрү дагы эч кандай баа бербей калган. Ошондуктан кандай оюндар коюлуп жатканы аныкталбай калган. Өзүң билесиң, чыгармачыл адамдарга баа берилип, же алардын канчалык деңгээлде экендигин көз жүгүртүп турса, алар тапталган аттардай чуркайт.

-Орозбек мырза, дүйшөмбү күнү бир топ артисттер үй-жайы жоктугун айтып, коомчулуктун көңүлүн бурду. Жалпы жонунан беш жүзгө чукул артисттердин үйлөрү жок экен. Бул маселени чечүү багытында Маданият министрлиги кандай иш-аракеттерди көрүүдө?

-Биздин маданият кызматкерлеринин арасында бул проблеманын бар экендиги анык. Биз жакында эле шаардын үстүнөн жер алып, ошол жерге көп кабаттуу үй салууга аракет кылып жатабыз. Бирок биз каржылай албайбыз ал жерди. Ошондой болсо дагы кандайдыр бир инвестор тапканга аракет кылып, жер бөлүнүп берилип, бизге так көрсөрсөтүлгөн учуру бар.

-Бизге, алыскы айыл-жерлеринде клуб, маданият үйлөрү каралбай калды деген маалыматтар келип түшүүдө...

-Эми бул маселени өзүң жакшы билесиң, буга чейин 15 жыл өзүбүздүн министрлигибиз дагы жок болуп, маданият үйү эмес, артисттерибиз дагы талаалап калган учурлар бар эмес беле. Кечээ жылдын жыйынтыгын жасап жатып карап көрсөк, 60-70 пайызга айыл клубдары жаңыдан ремонт болуп, ошол жерге кайрадан айыл тургундары келип, өздөрүнүн чыгармачылык кечелерин өткөрүп жатканына күбө болдук.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG