Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

ИРАК: БААСЧЫЛАРГА ӨКМӨТТҮК КЫЗМАТКА ЖОЛ АЧЫЛДЫ


Ирактын президенттик кеңеши Баас партиясынын төмөнкү даражадагы мүчөлөрүн өкмөттүк жана коммуналдык кызматка алууга жол ачкан мыйзамды бекитти. “Жоопкерчилик жана адилеттик мыйзамын” Ирак парламенти декабрда кабыл алган эле. Баас партиясынын мүчөлөрү 2003-жылы Саддам Хусейн бийликтен кулатылгандан кийин кызматтан бошотулган жана көпчүлүгү суннилер. Мурдакы башкаруучу партиянын мүчөлөрүн кызматка тартуу- улутту жараштыруудагы маанилүү кадам катары каралууда.

Жаңы мыйзам Саддам тушунда Ирактын жашыруун полициясында жана чалгындоо кызматында иштеген 7 миңдей адамды автоматтык түрдө мурдакы ээлеген ордуна кайтарбайт деп, Кеңештин сунни мүчөсү, вице-президент Тарик Хашеми ага кол койгон эмес.

Мыйзамга Президенттик кеңештин үч мүчөсүнүн бирөө каршы чыгуусу жана анын 3-февралда гана бекитилгени - маанилүү чечимди ишке ашыруу оңой болбосунан кабарлайт.

Саддамдын заманында башкаруучу элитаны түзгөн Баас партиясынын уюткусу суннилер болгон. Жаңы мыйзам Баас партиясындагы 10 баскычтуу иерархияда төмөнкү алты баскычта турган мүчөлөрүн мурда ээлеген кызматтарына кайра келүүсүнө мүмкүндүк берет.

Бул мыйзамга ылайык, кызматка кайра келген Баастын мүчөсүнөн Саддам доорунда запкы жеген адам, анын үстүнөн сотко кайрыла алат. Ошон үчүн көптөн күткөн мыйзам баштапкы партиялык уюмдарынын мүчөлөрүн адилетсиздиктен коргобойт, деп эсептейт парламент мүчөсү Изат Шабандар:

-“Жоопкерчилик жана адилеттик мыйзамы” Баас партиясынын мурдакы бөлүмдөрү менен ячейкаларынын мүчөлөрүн соттук териштирүүдөн коргобойт. Саясый да, техникалык да жактан өзгөрүү болгон жок: Баасчыларды тазалоо комиссиясы калтырылып, ал тергөө иштерине катышкандыктан соттор эркин болойт. Ырас, Жоопкерчилик жана адилеттик комиссиясы деп аталганы менен, аны Баасчыларды тазалоо коммисиясы түзүп жатпайбы.

Баасчыларды өкмөттүк жана коммуналдык кызматка тартуу жөнүндөгү мыйзам өлкөнүн шиит көпчүлүгү менен азчылыктагы суннилерди жана күрттөрдү элдештирүүдөгү алгачкы саамалык.

Акыркы беш жылдан берки согушта жаат-жаттка бөлүнгөн ирактыктарды элдештирүү боюнча бардыгы 18 мыйзам кабыл алыныш керек. Алардын ичинде өлкөнүн мунай байлыгын бөлүштүрүү, провинциалдык бийликке шайлоолорду өткөрүү сыяктуу мыйзамдар да бар.

АКШ өкмөтү 18 мыйзамдын ар бирин Иракта тынчтыкка жетишүүдөгү өтө маанилүү иш чара деп эсептейт. Стабилдүүлүк америкалык аскерлерди чыгарып кетүүнү тездетмек. Ошон үчүн Буштун администрациясы Маликинин өкмөтүн соңку бир жылдагы коопсуздук жагдайынын жакшырганынын пайдаланып, саясый элдешүү теминтүүгө үндөп келет.

XS
SM
MD
LG