Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Литвада бүгүн НАТОго кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны болот


Анда талкууланары күтүлүп жаткан башкы маселердин бири – Ооганстанга кошумча күчтөрдү жөнөтүү. Мунун алдында кечээ Лондондо болгон АКШ мамлекетик катчысы Кондолиза Райс НАТОнун мүчөлөрүн Ооганстандагы аскерий жоопкерчиликти тең бөлүшүүгө чакырды. Ал белгилегендей, Ооганстандын козголоңчулар активдүү аракеттенген аймактарында НАТОнун аз сандагы мүчөлөрүнүн гана аскерлери бар. Маселен, Канада эгер НАТОнун калган өлкөлөрү Ооганстандын кооптуу түштүк чөлкөмүнө кошумча күчтөрүн жөнөтпөсө, келерки жылдын башында ал жерден өзүнүн эки жарым миң жоокерин чыгарып кетээрин буга чейин бир нече ирээт эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG