Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:28

АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮ МЕНЕН АЛАКА-КАТЫШТЫ АРТТЫРУУДАН КАЧПАШ КЕРЕК


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин араб өлкөлөрүнө жасаган иш сапары жана эки өлкө ортосундагы мамилелер тууралуу “Азаттык” үналгысынын айрым суроолоруна Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин ректору Асан Ормушев жооп берди.

-Асан мырза, жакында тышкы иштер министри Эднан Карабаев араб өлкөлөрүнө иш сапары менен барып келди. Эми Арапстандагы сапардан кийин экономикалык, билим берүү тармагында байланыштар кандай өнүгөт деп ойлойсуз?

-Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин араб өлкөлөрүнө жасаган алгачкы саякаты биздин кабарчылардын билдирүүсүнө караганда, абдан ийгиликтүү болду деп ойлойм. Себеби Карабаев Сауд Аравиясынын тышкы иштер министри, акыйкат министри, Ислам конференциясынын баш катчысы менен жолугушуп, өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин атайын чакырыктарын жана эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланышты мындан ары чыңдоого багытталган алгачкы кадамдарын мен эки өлкө ортосундагы жаңы түзүлгөн алгачкы, жакыш самаалык катары карайт элем.

-Асан мырза, араб өлкөлөрү менен мамилени арттыруу – диний экстремизм маселесине таасирин тийгизбейби?

-Андай нерселерден корко берсек, биз анда чоң жана бай, өзүбүз менен бир диндеш элден ажырап калабыз. Мурунку өкмөт башчылары дагы диний ар кандай кыймылдардан коркуунун натыйжасында, эки өлкө ортосундагы байланыш бир барып келгенден кийин эле “жалп” этип өчүп калган. Биздин кичинекей өлкөдө ислам дининин башкача өнүгүп кетишине тоскоол кыла турган күчтөр азырынча абдан күчтүү деп ойлойм. Андан коркуунун эч кандай кажети жок.

-Силердин окуу жайда араб тилине өзгөчө басым жасалат эмеспи. Силердин бүтүрүүчүлөрүңөр жумуш менен кандай камсыз болуп жатат?

-Араб тилин билген адисттерди эң мыкты өздөштүргөн бирден-бир жогорку окуу жайы болуп уюшулганыбызга мына тогуз жыл болду. Ушул мезгилден бери биз республикалык бардык деңгээлдеги министрликтер, ведомстволор, институттарга өз адисттерибизди берип жатабыз. Эң негизгиси, бизде окуу бекер болгондуктан, араб тилин абдан жакшы өздөштүргөн араб өлкөлөрүнөн келген мугалимдер бергендиктен сапаты жакшы. Бир эле мисалды айтайын: тышкы иштер министри Э. Карабаевди биздин эң биринчи бүтүрүүчүбүз Боотпаев Абдилазиз өзү адис, тилмеч жана дипломат катары коштоп жүргөнү - биздин Чыгыш университетинин алгачкы жеңиштеринин бири катары баалоого болот. Ошондой эле Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин араб тилин билген адистери азыр Кувейт, Катарда телестудияда иштеп жатканы бизди кубандырбай койбойт. Ошондой эле биздин балдар, Англия, Германия, Египет, Сауд Арабияда жана башка чет өлкөлөрдө иштеп, ак кызматын аткарып жатышат. Мындан сырткары Кыргызстанда дагы Жогорку Кеңеште, ЖОЖдордо жана КТРде араб тилин билип, адис болгон балдар абдан көбөйүүдө.

-Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG