Бүгүн Кондолиза Райс менен Девид Милибэнд Ооганстанга күтүүсүз иш-сапары менен келишкен. Кабулга түшөөрү менен алар талиптер активдүү иш алып барган Кандагарды көздөй бет алышканы кабарланууда. Буга чейин АКШнын мамкатчысы жана Британ тышкы иштер министри Лондондо Ооганстандагы абалды талкууга алышкан эле. АКШ менен Улуу Британия Ооганстандын түштүгүндө күч алып жаткан талиптердин козголоңуна каршы НАТОго мүчө калган өлкөлөрдү аймакка кошумча аскердик күч бөлүүгө чакырууда. Маселе бүгүн Литвада өтүүчү НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жолугушуусунда талкууланган жатат.