Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

ТАЖИКТЕР ТЫКЫР ЖАРДАМГА МУКТАЖ


Быйылкы табигый кырсыктар жана энергетикалык каатчылык Тажикстанда экономикага олуттуу зыян келтирди, өлкөнү гуманитардык кыйын абалда калтырды. Ушундан улам тажик өкмөтү дүйнөлүк коомчулукка чукул жардам сурап кайрылды. Ырасмий бийликтердин бул өтүнүчүнө Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы эл аралык жамааттын назарын бурганы жатат.

Дүйнөлүк коомчулукка атайын кайрылуу даярдалып жатканын ПРООНдун Тажикстандагы жетекчиси Майкл Жонс ырастады. Уюм өзү эмдиги аптадан тартып калкка тыкыр мүнөздөгү, биринчи кезекте азык-түлүк, дары-дармек жагынан жардам көрсөтүүгө киришкени жатат. Буга катарлаш ооруканалар жана төрт үйлөрүн электр генераторлор менен жабдыганга, керектүү техникалык шайман-жабдууларды сатып алганга аракеттер көрүлөт. Мындан тышкары өкмөт менен биргеликте өлкө үчүн эң зарыл товарлардын жана азык-түлүктөрдүн тизмеси түзүлүүдө.

Тажикстанда бир айдан бери чучукка жеткен аяз чыкылдап турат, сууктун күчү түнкүсүн 20-30 градустан төмөн түшө элек. Ой-кырдын баарын калың кар басты, ашууларда күнү куру эмес көчкү жүрүп турат. Шүдүгөр-талаалардагы күздүк үрөндөрдү түгөл үшүк уруп кетти, мөмөлүү бак-дарак, жүзүмзарлар керектен чыкты, мал-жандыкка жут тийди. Өнөр жай ишканаларынын дээрлик көбү энергетикалык каатчылыктан улам иштебей калды. Жалпы экономика тарткан зыян 250 миллион доллардан ашты, деп айтылат улуттук банк таркаткан билдирүүдө.

Жергиликтүү тургундар мындай оор кышты отуз жылдан бери көрө электигин айтышат. Түштүк райондорунун биринде жашаган Рахим Каримов, мисалы, январдын этегинен тарта электр жарыгы жок отурушканын айтса, коңшулаш кыштактын тургуну Саид Халимов алар жарым айдан бери ушундай абалда күн көрүп жатышканын билдирди.

Чыгыш Тажикстандагы оорукананын кызматкери электр тогу жадакалса өтө зарыл учурда да берилбей жатканын, атүгүл операция маалында жарык өчүп, бир нече киши үстөл үстүндө каза болгонун айтып даттанды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жарыялаган докладда элет жеринде тургай өлкөнүн борборунда, анын жака-бакасындагы медициналык мекемелердин 66 проценти электр тогу жок, отун-суусуз калганы белгиленет.

Көп шаарларда оор түшкөн карга, боройлогон капсалаңдарга жана ызгаар суукка туруштук бере албай, жылуулук станциялары бузулду. Соода-сатык, тейлөө кызматтары кескин кыскарды. Азык-түлүк кымбаттап, аш-нандын каатчылыгы күч алды.

Өкмөттүн кайрылуусун алган соң дүйнөлүк банк, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) өлкөдөгү энергетикалык кризисти чечүү ишине кол кабыш кылганы тажик бийликтери менен консультацияларды баштады. Улуттар Уюмунун Балдар кору (UNICEF) донор өлкөлөрдөн 720 миң доллар өлчөмүндө шашылыш жардам сурады.

XS
SM
MD
LG