Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

АКШ МЕНЕН БРИТАНИЯНЫН БАШКЫ ЭЛЧИЛЕРИ КАБУЛГА БАРЫШТЫ


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Миллибанд бейшембиде Кабулга күтүүсүз сапарлап барып, ооган президенти Хамид Карзай менен сүйлөшүү өткөрүштү. Алардын сапары Вильнюста НАТОнун коргоо министрлери чогулуп, альянстын Ооганстандагы ролу туурасында орток пикир табуу аракетин көрүп жаткан чакка тушма-туш келди.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Кабулдагы маалымат жыйынында НАТО Ооганстандан талиптерди сүрүп чыгаруу кампаниясында катаал сыноого туш болгонуна токтолду.

- Ооганстанда жеңишке жетип, мурдагы урап бараткан өлкөнү өнүгүп-өскөн, алдыңкы мамлекетке айландыруу, террорчулуктун бешигин террорчулук эч убакта баш көтөрбөгүдөй өлкөгө айландыруу, биздин шаарлар менен биздин элге каршы чабуулдар эч убакта болбогондой кырдаалга жетишүү – азыркы күрөштүн эң башкы максаты жана бул катаал жана узакка созулчу күрөш, - деп белгиледи Райс айым.

Кабулда Кондолиза Райс менен Дэвид Миллибанд Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен жолугушуп, соңку кездери салкындай түшкөн ооган-британ мамилелерин жөнгө салууга аракеттенгенсиди.

Карзай жакында Британ командачылыгы жер-жерлердеги бейрасмий лидерлердин бийлигин тартып алып, ал аймактарда коопсуздуктун начарлап кетишине түрткү болду деп айыптаган. Андан сырткары ооган президенти британ аскерлери аны менен кеңешпестен талип согушкерлерин саткынчылыкка үгүттөп жатыптыр деген маалыматтарды келтирип, ачууланган.

Хамид Карзайдын басма сөз өкүлү Хумоюн Хамидзада дүйнө Ооганстанды көз жаздымда калтырса анык “алааматка” туш болот деп эскертти. Ал ооган өкмөтү Вильнюста чогулган НАТОнун коргоо министрлери Ооганстандагы миссиясын аягына чыгарыш үчүн зарыл күч-каражат таба алаарына ишенет деп белгиледи. Вильнюстагы жыйынга АКШ менен Британиянын Ооганстандагы элчилери да катышууда.

Кондолиза Райс менен Дэвид Миллибанд Ооганстанда талиптерге каршы согуш тууралуу гана эмес, өлкөнү кайра куруу, экономикалык, жарандык өнүгүү шарттарын түзүү маселелерин да талкуулаганы барганын Британиянын тышкы иштер министри билдирди.

- Биз өз ишибиздин экономикалык, социалдык, аскердик аспекттерин бириктирүү максатын көздөп жатабыз. Ооган өкмөтүнүн бул жакыр өлкөдө кадыр-барктуу коом куруу аракетине кызуу колдоо көрсөткүбүз келет. Эл аралык альянстын ооган өкмөтүн колдоо ишине жаңы дем берүүнү каалайбыз.

Кондолиза Райс менен Дэвид Миллибанд Кандагардын тегерегиндеги аскердик бөлүктөрдү кыдырып, НАТОнун командирлери жана жоокерлери менен да жолугушту. Соңку айларда көз карандысыз кабарларда Батыш менен ооган өкмөтүн талип козголоңчуларына каршы күрөштү күчтөндүрүүгө үндөгөн маанай басымдуулук кылган.

Өткөн айда АКШдагы Ооганстан боюнча изилдөө тобу докладын жарыялап, козголоңчулардын кол салуулары күчтөнүп баратканын эскертип, келечекте Ооганстан “утулган мамлекетке” айланышы ыктымал деген тыянагын чыгарган.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG