Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:11

ТҮРКИЯНЫН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ ГЕРМАНИЯДА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БОЛДУ


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган Германиянын Лудвигсгафен шаарындагы өрттө, 9 түрк жараны каза тапкан үйдө болуп, жетекчи чөйрөлөрдөн бул шектүү окуя тууралуу маалымат алды.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган сүйлөшүүлөрдү өткөрүш жана Мюнхен шаарында өткөрүлүүчү Коопсуздук саясаттары жыйынына катышуу максатында Германияга жасаган сапарынын чегинде, өлкөнүн түштүк чыгышындагы Лудвигсгафен шаарында болуп, өткөн жекшемби күнү чыккан өрттө каза тапкан тогуз түрк жаранынын элесине таазим жасады жана тегерегинде бир катар такталбаган каңшаарлар айтылып жаткан окуя тууралуу жергиликтүү бийлик ээлеринен маалымат алды.

Таазим учурунда Эрдоганды жубайы Эмине Эрдоган, мамлекеттик министр Саит Языжыоглу жана Лудвигсгафен шаарынын премьер-министри Курт Бекк мырза коштоду.

Өрт алган үйдүн маңдайындагы бакта түрк жарандары “Кечээ жөөттөр; Бүгүн мусулмандар”, “Сүйүктүү өкмөт башчысы куш келипсиз. Бизди унутпаңыз”, “Кечээ Солинген, бүгүн Лудвигсгафен , а эртеңчи?” деген маанидеги ураандар жазылган жазууларды көтөрүп турушту.

Ал жерде сөз сүйлөгөн Түркиянын өкмөт башчысы Эрдоган, кайгылуу окуяда өмүрүнөн ажырагандардын тууган-туушкандары менен бирге, Германияда жашаган түрк коомчулугуна жана жалпы Германиянын элине көңүл айтты. Түрк жана Германиянын басма сөз каражаттарына кайрылып, эки өлкө ортосундагы достукту бекемдөө ишине көмөк көрсөтүүгө чакырды:

-Биз ар башка диндерге ишенишибиз мүмкүн; биз ар башка тилде сүйлөп, башка расаларга жана улуттарга таандык болушубуз дагы мүмкүн. Бирок бардыгыбыз адам баласы экенибизди унутпашыбыз керек. Бул биздин орток касиетибиз, - деген Эрдоган, Германиянын полициясы жана өрттөн сактоо кызматына атайын ыраазычылыгын билдирүүнү унуткан жок.

Эрдоган жекшемби күнү чыккан өрт, 1993-жылда Германиянын Солинген шаарында неонацисттер тарабынан ишке ашырылган жана беш түрк жаранынын өлүмүнө себеп болгон өрт окуясын эске салды. Бирок, Лудвигсгафендин премьер-министри Курт Бекк жекшемби күнкү өрт тууралуу тергөө жана иликтөөлөр жыйынтыктала элек кезде чыгып сүйлөп, “бул окуяны ксенофобияга байланыштырыш үчүн эч кандай негиз жок” деген билдирүүсү кескин сынга кабылды.

Германиядагы Ислам кеңешинин баш катчысы Бурхан Кесижи “Мюнхнер Меркур” гезити менен болгон маегинде, Курт Бекк “криминалдык тергөөлөрдүн натыйжасын күтүш керек эле” деп айтса, Түркиянын Германиядагы элчиси Мехмет Али Иртемчелик “айрым немис саясатчылардын, окуя бүтүндөй тергелип чыга электе мындай билдирүү жасашы таң калычтуу көрүнүш” деди.

Түркиядагы “Buyuk Birlik” партиясынын төрагасы Мухсин Языжыоглу болсо, Лудвигсгафендеги өрт, Солингендеги кыргынды эске салганын белгилеп, Германиянын ички иштер министри Волфганг Щойблени, өрттүн себебин толук иликтеп чыгууга чакырды. Өрт окуясын иликтөө иштерине Түркиядан келген атайын адистер да катышууда.

XS
SM
MD
LG