Ооган темасы жолугушуунун биринчи күнүндөгү талкуулардын башкы темасы болду. АКШ менен Британия альянстагы союздаштарын Ооганстандагы, өзгөчө өлкөнүн түштүк аймактарындагы аскери операцияларга активдүү катышууга чакырышты.
Деген менен Германия мурдагы позициясында калды. Берлин өз аскерлерине быйыл жайда жаңы толуктоо жиберет, бирок контингенттин айрым бөлүктөрүн түштүк Ооганстанга которбойт. Немец министри Франц-Йозеф Юнг альянстын ооган жериндеги жалпы озуйпасына жана анын жоопкерчилигине Берлин өкмөтү кошула турганын ырастады. Ошол эле учурда айрым аймактардын жүгүн жабыла көтөрүүгө өнөктөштөр макул болгонун айтып, муну “акылдуу чечим” деп атады.
Франция да,чамасы, ушундай позицияда калган көрүнөт. Бери эле дегенде француз өкмөтүн түштүк Ооганстанга 700 солдат жөнөткөнгө көндүрүү үчүн Канада Парижге атайын делегация жөнөткөнү жатат. Франция жагдайды жакшылап иликтеп көрөрүн, бирок аскер бөлгөнгө убада бере албай турганын бышыктады.
Ооганстандагы жагдайга министрлер бүгүн кайра кайрылышат. Ал эми Косово маселесинде олуттуу талаш-тартыштар чыккан жок. “НАТО,албетте, Косовонун статусун аныктоо процессинде негизги ролду ойной албайт жана ойногусу да келбейт. Бирок эл аралык күчтөрдүн провинцияда болушу Косоводогу стабилдүүлүктүн бүгүн да, мындан ары да маанилүү өбөлгөсү бойдон калат”, - деп айтты альянстын баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер.
Косоводо чоң өзгөрүүлөр болгону жатканын кошумчалап, баш катчы НАТОнун контингенти ар кандай тополоңду токтотуп калганга шайма-шай турушу керектигин эскертти.
Бейшемби күнү НАТО-Украина комиссиясы да министрлер деңгээлинде өз жыйынын өткөрдү. Киевдин альянска мүчө болгусу келген мүдөөсү байкоосуз калган жок, деп айтты Схеффер. Ошол эле учурда Бухаресттеги апрель саммитинде Украина альянска качан алынарын болжолдоп болсо да айтканга НАТО азыр даяр эмес. Эгер бу маселе чечиле турган болсо, анда ага Россиянын позициясы эч кандай таасирин тийгизе албайт, деп тактады баш катчы.
Москва менен альянстын кызматташтыгына байланышкан айрым маселелер бүгүн Россия-НАТО кеңешинин жыйынында талкууланат. Орус министри Анатолий Сердюков көңүл бурула турган башкы тема катары европалык коопсуздук маселелерин атады.