Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

ПУТИНДИН БИЙЛИКТЕН КЕТЕР АЛДЫНДАГЫ УБАДАСЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Кремлде өткөн Мамлекеттик Кеңеште чыгып сүйлөдү. Олтурумдун күн тартибинде Орусиянын 2020-жылга чейинки өнүгүү концепциясы жарыяланды.

Агенттиктер жазганга караганда, олтурумга 750 гө чукул өлкөнүн атка минерлери чакырылган. Губернаторлор, депутаттар, партиялардын лидерлери, коомдук уюмдар жетекчилери, маалымат каражаттарынын баш редакторлору, диний агым башчылары жана башкалар.

Алардын алдында советтик кездегидей дүркүрөгөн кол чабуулардын астында Владимир Путин бир саатка жетип жетпеген сөз сүйлөп өттү. Бирок аны талкуулоо болгон жок.

Доклада айтылганга караганда, Орусиянын экономикасы 12 жыл арасында жалпы дүң продукциясы боюнча өнүккөн алдыңкы беш мамлекеттердин бирине айланууга тийиш. Орусиялык лидердин болжолунда өлкө чындап эле дүйнөлүк ири мамалекеттер катарына кошулат:

«Биздин өлкө мындан ары да дүйнөдөгү лидердик ордун сактап калууга жетишерине толук ишенимим бар», - деди В.Путин.

Анализчилер арасындагы кепте президент бул жолку кайрылуусунда өлкө башчыны шайлоодо алардын өз мураскору Дмитрий Медведевди колдоосу керектигин алардын эсина салып койду дешет.

Орусиялык саясий талдоочу Дмитрий Орешкин айтканга караганда, кызматтан кетип аткан мамлекет башчынын өлкө алдына 12 жылга убада бербөөгө тийиш эле. Ошондуктан мындай кайрылуунун артында өзгөчө шаани жатат:

«Президент мамлекекттик сыноолордон кеткиси келбей, биздин чукулку жылдардагы жаркыраган келечегибиздин милдетин өз мойнуна алып атат».

Талдоочулар баамында канткен менен Орусияны байытып аткан нерсе табыйгы байлыктын баасынын дүйнөдө кымбат болушу. Федералдык бажылык кызматы маалымдаганга караганда өткөн жылы орусиялык экспорттун 80 пайызы энергия кубатын өндүрүүчү отун жана металл болгон.

XS
SM
MD
LG