Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

УТРК: ЭРЕГИШКЕН ТАРАПТАРДЫН ЭЛДЕШЕР ТҮРҮ ЖОК


Улуттук телерадиокорпорациянын жетекчиси Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен уюштурулган ачкачылык акциясынын уланып жатканына туура он эки күн болду. Жаатташкан тараптарды кеп-сөзгө чакырып жараштыруу үчүн маданият жана маалымат министри С. Раев башында турган арачы топ ишемби күнү эки тараптын жолугушуусун өткөрдү, бирок тирешкен тараптар жарашуудан алыс. Ачкачылык кармап отурган топ Эшимканов кызматтан алынмайынча каршылык акциясын токтотпой турганын баса билдирүүдө.

Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жолугушууда эки тараптын тең пикирин угушуп, эми бүгүн алар бул маселе боюнча чечим чыгарышат:

- Бүгүн биз жыйын өткөрүп, бул маселе боюнча чечим чыгарабыз. Албетте, эки тарап тең бир компромисске, мунасага келсе деген эле максат болуп жатат. Ишембиде өткөн жолугушууда эки тараптын тең сөзүн уктук, бирок бул жерде маселенин юридикалык жагын карашыбыз керек да.

Ачкачылык иш-чарасынын катышуучуларынын бири Азамат Абдиевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, ачкачылык кармап отургандардын абалы күндөн-күнгө оорлоодо. Алардын акыбалын көзөмөлгө алып жаткан дарыгерлер ачкачылык кармап отургандарга акцияны токтотууну сунушташууда. Бирок телеканалдын жетекчиси М. Эшимканов кызматынан кетмейинче ачкачылык акциясы токтобойт:

- Бул жерде отургандардын абалы күндөн күнгө эле начарлап баратат, бирок биз ачкачылыкты токтотпойбуз. Биз такыр болбой эле, ооруканага түшүп калышканда гана алар ойгонушат да,- деди Азамат Абдиев.

12 күндөн бери уланып жаткан ачкачылыкта төрт адамдын саламаттыгы начарлап, бүгүнкү күндө алардын бири Шахзада Апсаматова №1 ооруканада дарыланууда.

Аталган оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев эс учун жоготуп ооруканга түшкөн Шахзада Апсаматованын акыбалы канаттандыраарлык экенин айтты:

- Эми бул кыздын саламаттыгы дурус эле, болгону кан аздуулугу бар экен. Оорукананын тамагын ичүүдөн баш тартып жатат, туугандарым алып келип берсе ичем дейт. Эми дагы кандай болот дагы көрөбүз. Тамак ичип баштаса, бир-эки күндүн ичинде үйүнө чыгарабыз.

Ишемби күнү кечинде ачкачылык кармагандардын дагы бири, “Кутман таң” программасынын аймактык кызматкери Кыял Сабирахунова да эс учун жоготуп, тез жардам менен ооруканага жеткирилген, бирок ал дарыланууну учурда үйүндө улантууда.

Ал эми УТРК жетекчилиги ачкачылык кармагандардын талабы негизсиз деп айыптап, сыналгыда мурдатан беленденген ар тараптуу реформаларды улантууга ынтызар экенин билдирип келатат.

Ачкачылык кармап отургандарды айрым бир үчүнчү күчтөр саясый курал катары пайдаланып жатышат деген пикирлер да коомчулукта жок эмес. УТРК жетекчисинин орун басары Эрнис Кыязов ачкачылык кармагандар менен кызматташууга даяр экенин билдирди:

- Биз ачкачылыкта отургандар менен “сүйлөшөлү, келгиле бир пикирге келели” деген эле позицияда турабыз. УТРК деген биздин менчигибиз эмес, каналдын сапаты жакшырсын деген тилек менен реформа жүргүзөлү деп жатабыз. Ачкачылык кармагандар ошону түшүнүшү керек да.

Ачкачылык кармагандардын бири, УТРК жетекчисинин мурунку орун басары Бейшенбек Бекешов комиссия алардын талаптарын канаттандырган күндө да нааразылык чарасын уланта беришэээрин белгиледи.
XS
SM
MD
LG