Үгүттөө коллегиясынын 1926-жылдын 11-февралында чыгарган чечимине ылайык Кыргыз Автономиялык областында Басма сөз комитетин уюштуруу зарылчылыгы белгиленген. Коллегия чыгарган чечимге караганда, жаңы комитет басмаканалардын жана басылмалардын ишмердүүлүгүн жөнгө салып, анын өндүрүшүн текшерүүдө зор салым кошмок. Мындан тышкары, Басма сөз комитети гезит-журналдардын таратылышын көзөмөлгө алыш жагдайы белгиленген.
Советтик Кыргызстандын эмгекчилери И. В. Сталиндин Фрунзе шаардык Кеңешине депутаттыкка талапкердигин көрсөтүшүн зор ынтызарлык менен кабыл алгандыгы туурасындагы маалымат 1953-жылдын 11-февралында маалымат каражаттарында жарыяланды. Коммунисттик партия жетекчиси менен бирге шаардык кеңешке анын шакирттери Молотов, Маленков, Берия жана Булганиндердин талапкердигин коюшу советтик демократиянын жемиштүү үлгүсү катары бааланган.
Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн Бишкек шаарында өткөн кезектеги өкмөт аралык жыйынында Борбордук Азиядагы суу жана энергетика тармагына байланышкан маселелер талкууланды. Казакстан вице-премьер-министри Ахмеджан Есимов, Кыргызстан мурда кабыл алынган чечимдерди жана келишилген милдеттемелерди толук сактабай жатат, деп айыптады.
Анын айтымында, Кыргызстан Токтогул ГЭСиндеги сууну кыш мезгилинде агытып, коңшу мамлекеттердин аймактарына суу басуу коркунучу жаралган. Анын пикирин Өзбекстан вице-премьер-министри Өткир Султанов коштоп, Кыргызстан кыш мезгилинде аккан суу көлөмүн азайтбай жаткандыгын белгиледи. Кыргызстан вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов, коңшу өлкөлөрдүн кинесин четке кагып, калктын кыш мезгилиндеги электр энергиясына болгон муктаждыгына карабастан, Токтогул ГЭСинен чыккан суу 500 куб метрге азайтылгандыгын билдирди.
Кыргызстандын 2005-жылкы парламенттик шайлоо жарышы маалында, айтылуу коомдук жана саясий ишмер Жумгалбек Аманбаев 11-февраль күнү дүйнөдөн кайтты. Ал № 74 Жети Өгүз шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер катары катталган. Убагында ал Кыргызстан коммунисттик партиясын жетектеп, 1993-1995-жж. аралыгында вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин «Буудай» мамлекеттик ишканасын жетектеген.
«МСН» гезитинин 2005-жылдын 11-февраль күнкү санына президент Аскар Акаевдин жаңы үйү туурасында маалымат жарыяланды. Гезиттин биринчи бетине жаңы үйдүн сүрөтү тартылып, негизги макалада мамлекет башчысынын сансыз мүлкү кабарланган. Макала 2005-жылкы парламенттик шайлоо жарышы маалында жарык көрүп, коомчулукка ал бомба жарылгандай таасир тийгизди.
Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, гезиттеги маалыматты президентти каралоо аракети катары баалады. Анткен менен Фридом Хаус уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Майк Стоун, макала Кыргызстан коомчулугун жарып жиберди, деп баалады.