Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:00

11:40 Акыйкатчы кызматына талапкерлерди көрсөтүү жараяны аяктады


Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзам жана адам укугу боюнча комитеттен маалымдашкандай аталган комитет бул маселени эртең карамакчы. Акыйкатчынын (Омбудсмен) талапкерлигине канча киши көрсөтүлгөнү азыр такталып жатат. Мыйзамга ылайык талапкерлер президент, депутаттык фракциялар, саясий партиялар жана коомдук бирикмелер тарабынан көрсөтүлө алат. Президент Курманбек Бакиев бул кызматка адам укугу боюнча комиссиянын мурунку төрагасы Турсунбек Акунду сунуштаган. Акыйкатчынын милдетин аткарып келген Турсунбай Бакир уулу “ЭрК” партиясы тарабынан кайрадан көрсөтүлгөн. Каракече көмүр кенинин паашасы атыккан Нурлан Мотуев да Акыйкатчы болуу дымагын билдирип, бирок кийин баш тартканын жар салган. (EBM)

XS
SM
MD
LG