Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

СУЛТАН РАЕВ: УТРКдагы КРИЗИСТИ ЖӨНДӨӨНҮН КОМПРОМИСТТИК ЖОЛУ БАР


Улуттук телерадиокорпорацияда баш директордун милдетин аткарып жаткан Мэлис Эшимкановду кызматтан алуу талабы менен башталган ачкачылык акциясы токтой элек. Ишемби күнү маданият жана маалымат министри Султан Раев башында турган арачы топ эрегишкен тараптарды жолугуштуруп, ээлдештирүүгө аракет кылып көрдү. Бирок тараптар тил табыша алышкан эмес. Эмне үчүн тараптар элдешүүгө барбай жаткан себептерин сурап, “Азаттык” маданият жана маалымат министри Султан Раевге кайрылган болчу.

- Ошол чырга Мелис Эшимкановдун кадр саясаты гана негиз болуп жатабы, же дагы башка бир себептер барбы?

- Бул жерде ачкачалык жарыялагандардын башкы талабы Мелис Эшимканов кетсин деген талап. Андан башка дагы 8 талабы бар. Биз эки тарапты тең жолуктуруп, алардын пикирлерин уктук, эки тарапты бир столго отургузуп сүйлөштүк. Негизи биз каршылашкан тараптарга ар бир маселени чечүүнүн мыйзамдуу жолун таппайсыңарбы, сот аркылуу такташкыла деген сунуш бердик. Бүгүнкү күнү айтылган аргументтердин айрымдарын укук органдары, эсептөө палатасы текшерип атат. Алар бул окуяга юридикалык баа беришет.

-Ушул чатакка байланыштуу сиз жетектеген комиссия бүгүн өзүнүн бүтүмүн жарыялай турганы айтылган. Бул бүтүм тууралу билсек болобу?

- Бүгүн комиссия отурумунда жыйынтыгын чыгарат. Ошонун негизинде биз өзүбүздүн сунушубузду өкмөткө беребиз.

- Ачкачылык кармап отургандардын ушул күнгө чейин экөөнүн абалы оорлоп ооруканага жеткирилди. Алардын бири акцияны токтоткону айтылууда. Бирок бир жумадан ашык убакыттан бери жалаң суу менен отурган 8 киши менен сүйлөшүүлөр кандай натыйжа бергидей?

- Акцияны токтосоңор, өзүңөрдүн талабыңарды сот аркылуу териштирип алгыла, цивилизациялык жолго өтсөк деген ойду айттык. Бүгүн алар менен акыркы жолу жолугабыз. Мен ойлоп жатам, маселени чечүүнүн компромисттик жолу дагы да бар.

- Ачкачылык кармап отургандарды айрым бир үчүнчү саясий күчтөр курал катары пайдаланып атышат деп айтып атышпайбы. Комиссиянын иликтөөсүндө бул көзгө илиндиби?

- Бул жерде бир топ келишпестик маселелер бар, бир аз боектор бар да. Бул боюнча дагы териштирип, комиссия өз сунушун берет.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG