Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

А. МАМАСАЛИЕВ: АКЫЙКАТЧЫ ИНСТИТУТУ РЕФОРМАГА МУКТАЖ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө жана Акыйкатчы институтунун жетекчилигине талапкерлердин маселесин карашы күтүлүүдө. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна аталган комитеттин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Мамасалиев жооп берди.

-Алишер мырза, Кыргызстандын акыйкатчысынын ордуна беш киши талапкерлигин койгондугу белгилүү болду. Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети акыйкатчыны тандоодо талапкерлердин кайсы сапатына артыкчылык бериши мүмкүн?

-Ушул тапта биздин комитетке беш талапкер жөнүндө маалымат таратылган. Ошонун арасында Турсунбай Бакир уулу, Бүайша Арстанбекова, Турсунбек Акун, Абдыкадыров Каныбек жана Шарипова Салима бар. Эми ачык айтсак, беш күн мурун президент өзү ылайык көргөн талапкерди Жогорку Кеңешке көрсөткөн. Бул Турсунбек Акун. Биз “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү бул кандидатура боюнча өзүнчө жыйын өткөргөнбүз. Ачык айтсак, фракциянын 90 пайыз мүчөлөрү бул талапкерди колдогон. Эми мен ойлойм, Турсунбек Акундун мүмкүнчүлүгү азырынча көбүрөөк болуп калды. Бирок эми 100 пайызга бул киши жаңы акыйкатчы болот деп мен айта албайм. Бул маселе Жогорку Кеңеште эки күндүн ичинде чечилет.

-Сиз өзүңүз алгачкы акыйкатчынын ишине кандай баа бердиңиз?

-Турсунбай Бакир уулу деле менин оюмча көп салымын кошту институттун өзгөрүшүнө. Бирок менин оюмча, штаты абдан чоң, бүгүнкү күндө 100дөн ашык адистер Акыйкатчы институтунда иштеп жатат. Мен ойлойм, эгерде жаңы акыйкатчы келсе, өзүнүн жумушун биринчиден ошол штатты кыскартуудан башташы керек. Андан сырткары институттун ичинде реформа башташы керек.

-Бүгүн мындан сырткары БШКнын мүчөлүгүнө дагы талапкерлер каралат экен. Силерге ошол талапкерлердин аты-жөнү жөнүндө маалымат келип түштүбү?

-Бүгүнкү күндө биз мына ошол комиттетин күн тартибине эки чоң маселе койгонбуз. Ошолордун арасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссия мүчөлүгүнө шайлоо үчүн көрсөтүлгөн талапакер жөнүндө маселе койгон. Буга 21 талапкер көрсөтүлгөн.

-Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG