-Кечээ сиздердин билдирүүгө жооп кылып, Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу “Эркин тоо” гезитине жарыяланган бул расмий жыйынтык болот деп айтты. Мыйзам боюнча мындай жыйынтык расмий боло алабы?
-Жок, боло албайт. Булар бурмалоо жолу менен жасалган жыйынтыктарды кийинкиге чейин кебине келтире албай жатат. Кайсы участоктон канча адам шайлаганын билбей жатат. Себеби башынан бери эле булар туура эмес жазып алган, өздөрү билгендей эле. Анан ошол эле сандарды 200 жолу кайрадан оңдошту.
-Демек алар гезит аркылуу гана жарыялап тим болбостон, саясий партиялар алдында, же болбосо коомчулук алдында дагы жарыялоого милдеттүүбү?
-Туура. Коомчулук алдында, саясий партиялар бардыгына билдириш керек болчу, баса белгилеп айтышы керек болчу. Эмнегедир ошол шайлоо болгон күнү эле өзүнүн интернет сайтын жаап коюшкан, ушул күнгө чейин иштебейт. Мунун бардыгы бир эле нерсени билдирет. Ошон үчүн биз Шайлоо комиссияга ишенбестикти көтөрүп жатабыз. Буларды тез арада таратыш керек. Кайрадан парламенттик шайлоону уюштуруш керек деп эсептейбиз.
-Сиздер кечээ айттыңыздар, азыр иштеп жаткан парламент легитимсиз иштеп жатат деп. Бирок ушул парламенттин иштеп баштаганына бир жарым айга чукулдап калды. Бул арада бир нече мыйзамдарды кабыл алууга жетишишти. Бир аз кечигип калган жоксузбу?
-Жок, эгерде дагы калтырсак, мындан дагы кечигип калабыз. Себеби булар мыйзамсыз парламент болгондон кийин мыйзамсыз чечимдерди чыгарып жатат. Булар көбөйө берет да. Канчалык тез арада буларды таратсак, ошончолук биз мыйзам жолуна түшө алабыз.
-Бүгүн Жогорку Кенештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жарымына талапкерлерди карап баштайт. Сиздердин партия ушул Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө өзүңүздөр ишенген талапкерлериңизди сунуштадыңыздарбы?
-Биз мыйзамсыз парламентке кантип сунуш беребиз? Анда алар менен кызматташкан, аларды тааныган болуп калабыз да.
-Эми саясат тууралуу сүйлөшсөк. “Арнамыс” партиясы оппозициялык партиялардын бири болуп эсептелет. Ошол эле учурда сиздер башка оппозициялык агымдар менен кызматташуу жагын кандай кылып жатасыздар? Мисалы, Азимбек Бекназаров башында турган Революциялык комитеттин ишин кандай деңгээлде баалап жатасыздар?
-Революциялык комиттетин ишин биз колдойбуз. Ошондой комитет болуш керек. Себеби азыркы бийлик мыйзамсыз жол менен баратат. Ошон үчүн революциялык комитеттер пайда болуп жатат.
-Сиздер келечекте алар менен кошулуп, ушул боюнча иш жүргүзүшүңүздөр мүмкүнбү?
Аны айтыш азыр болбойт. Себеби кимдер мүчө болду, кандай иштейт дегендердин ачыкка чыгарган болбойт.
-Демек бул Революциялык комитеттин өзү сыяктуу эле жарым-жартылай жашыруун боло берет турбайбы...
-Ооба, ошондой.
-Маегиниз үчүн рахмат.