Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯСЫНЫН ТАЛАБЫ ӨЗГӨРГӨН ЖОК


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек УТРКнын айланасында болуп жаткан чатакка байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна 31-январдан тарта ачкачылык кармап отургандардын бири, “Кутман таң” программасынын алып баруучусу Азамат Абдиев жооп берди.

-Сиздердин катарда ачкачылык кармап отурган эки киши Шахзада Апсаматова менен Кыял Сабирахунова ден соолугуна байланыштуу ачкачылыгын токтоткону белгилүү. Башкаларыңардын ахыбалыңар кандай?

-Өзүңүз айткандай, эки адам ден соолугуна байланыштуу ачкачылыгын токтоткон. Ал эми калгандарыбыз баягы эле бойдон улантып жатабыз.

-Ачкачылык акциясына дагы башкалар келип кошулгандар болдубу? Же ошол эле сегиз адам отурабы?

-Биздин катарыбызга кошулабыз дегендер болуп жатат. Негизинен УТРКнын ичиндеги биздин кесиптештерибиз бизге кошулууга негизинен даяр эле. Бирок өзүңөр билесиңер, телевидениенин ичиндеги Эшимканов жүргүзүп жаткан катуу саясатынан улам алар азыр баш көтөрө албай жатат.

-Силер ачкачылык кармагандан тарта УТРК чатагын жөнгө салуу боюнча атайын өкмөттүк комиссия иштеп жатат. Сиздин баамыңызда, бул маселе кайсы жагына чечилүүсү мүмкүн?

-Ооба, комиссия түзүлгөн. Аны менен бир нече жолу жолугушуулар болду. Силерге белгилүү болгондой комиссиянын башында маданият министри Султан Раев турат. Анын курамында бейөкмөт уюмдардан жана башкалардан түзүлгөн он киши бар. Булар менен бир нече жолу жолуктук. Ошол Маданият министрлигинин өзүндө Эшимканов менен чогуу жолугушуу да болду. Эки тарап тегерек үстөл үстүндө отурду. Бирок бул жолугушуулардын арты пайдалуу чечимге алып келе тургандай эч кандай жыйынтык берген жок. Анткени биз тарап дагы, Эшимканов дагы өз оюнан кайткан жок. Негизинен бир жыйынтыкка келдик: дегеле Эшимканов менен сүйлөшүүгө баруу мүмкүн эмес.

-"Эшимканов кызматынан кетмейин ачкачылык токтотпойбуз” деген талабыңар өзгөрдүбү?

-Биздин негизги талабыбыз – Эшимканов кызматтан кетсин дегенбиз. Бул ойдон кайтпабыз. Эми биздин оюбузча, бул талашка өлкө башчысы Курманбек Бакиев гана чекит коет.

-Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG